8-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековПарк имени Гейдара Алиева в Бишкеке
Парк имени Гейдара Алиева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Жазылуу
8-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Жума күнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Ысык-Көл, Нарын өрөөнүнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас, Нарын жергесинде +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көлдө +19...+24 градус жылыйт.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +26...+28, Ошто +30...+32 градуска көтөрүлөт.
Жылыткыч. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2023
Быйыл Кыргызстанда электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат
Жаңылыктар түрмөгү
0