Борбор Азия ЕАЭБ кеңейчү мейкиндикпи? Биримдиктин келечеги тууралуу ой толгоо

© Sputnik / Асатур Есаянц / Медиабанкка өтүүЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Цахкадзордогу жыйында. Архив
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Цахкадзордогу жыйында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Жазылуу
Евразиялык интеграция учурдун бүт көйгөйүн чечип, бардык коркунучтарын жоюп жибере албайт, бирок биримдик мүчөлөрүнө коопсуз болочок жана биргеликте ийгиликтүү өнүгүүнү камсыздай аларын белгилейт колумнист.
Тышкы саясий окуяларга жык быйылкы жай ЕАЭБдин Армениянын Цахкадзор шаарында өткөн өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйыны менен аяктады. Иш-чарага евразиялык интеграциянын келечегин талкуулоо үчүн Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкмөт башчылары катышты. Ушул тапта глобалдык жана чөлкөмдүк процесстер катар-катар болбосо да биринин артынан бири жүрүүдө.
Өткөн айдын аягында Йоханнесбургда БРИКС саммитинин өткөрүлүшү эмитен эле соода-экономикалык өнүгүүнүн глобалдык күн тартибин түзүп, бул чөлкөмдүн деңгээлиндеги абалга түрткү берүүдө. Экономикалык биримдик евразиялык мейкиндикти трансформациялоонун узак мөөнөттүк процесстерин баштоо боюнча олуттуу түрдө ойлоно баштады.
Саммитте ЕАЭБдин жаңы стратегиясын иштеп чыгуу талкууланды. Документ быйыл жыл соңунда Санкт-Петербургда кабыл алынары күтүлүүдө. Ошондой эле экономикалык биримдиктин чек аралары аркылуу тоскоолдуксуз жүк ташуу, бирдиктүү азык-түлүк жана энергетикалык рынокторун, улуттук валютадагы эсептер менен каржылык тутумдарын түзүү жана башка маселелер каралды.
Биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары уюмдун өнүгүшү боюнча ар кыл ойлорун ортого салып, евразиялык мейкиндиктин интеграциялык процесстеринин келечеги боюнча жеке пикирлерин да билдиришти. Анткен менен баары бир ооздон интеграция күч алып, тереңдей турганын айтты.
Евразиялык экономикалык биримдик кеңейеби же жокпу, али белгисиз. Бирок эл аралык кырдаалды эске алганда бул – уюмду өнүктүрүүнүн эң акылга сыярлык жолу.

Интеграцияга оңтойлуу шарттар

2014-жылы кабыл алынган Евразиялык экономикалык биримдигин түптөө боюнча чечим ар ким тарабынан ар кандай кабылданган. Айрымдары шыктанса, кай бирлери ишенген эмес. Постсоветтик мейкиндиктеги интеграциянын объективдүү тажрыйбасын эске алуу менен ЕАЭБдин өмүрү узакка созулбайт деген пикирлер көп айтылган. Он жылга чукул убакыттан кийин андай көз караштар чанда кездешчү болду. 2023-жылы уюмдун курамында беш өлкө бар, мамлекеттер аралык кызматташтыктын көптөгөн тармактарында келишимдик-укуктук база кыйла топтолуп калды.
Европа менен Түштүк Кавказдан тарта Борбор Азияга чейинки жалпы геосаясий мейкиндик Россияны евразиялык интеграциялык процесстердин борбордук элементи, ошондой эле евразиялык биримдиктин башкы экономикалык күчү катары тааныйт. Бул — товар жана тейлөө рыногу, ишке орноштуруу үчүн инвестициялар жана мүмкүнчүлүктөрдүн да булагы. Бирок бул бир тараптуу процесс эмес. Биримдиктин өзгөчөлүгү — уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикасын чогуу-чаран өнүктүрүү үчүн шарт түзүүдө. Бул – ЕАЭБдин бүт мүчөлөрү моюндаган өз ара жакындашуу жана таасир этүүнүн олуттуу фактору.
Соңку жылдардагы эл аралык кырдаал экономикалык интеграцияга умтулууну арттырууда. Энергетикалык ресурстардын, суунун, азык-түлүктүн улам күч алып бараткан таңсыктыгы өлкөлөрдү биргеликте чечим кабыл алууга түртөт. Мисалга, Борбор Азия үчүн евразиялык интеграция — Кытай Эл Республикасынын "Бир алкак – бир жол" демилгеси менен катар өнүгүүнүн башкы векторлорунун бири. Тегин жерден кызыкчылыктардын гармониясы, өз ара пайдалуу экономикалык өнүгүүгө багытталган Евразиялык экономикалык биримдик жана "Бир алкак – бир жолдун" эриш-аркак долбоору жүзөгө ашырылууда.
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2023
Радио
Кожошев: дүйнөдөгү газдын бештен бир бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүндө

Каалоолор мүмкүнчүлүктөр менен айкалышканда

Борбор Азияда Евразиялык экономикалык биримдиктин өкүлдөрү – Казакстан жана Кыргызстан. Ал эми Өзбекстан байкоочу макамына ээ, Тажикстан менен Түркмөнстан келечекте кыйла тыгыз кызматташуу жагын караштырууда. Өзбекстандын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү жана кызмат көрсөтүүлөрү 2022-жылы 15,7 миллиарддан ашуун долларды түзгөн.
Тажикстан менен да 2022-жылы соода жүгүртүү 23,9 пайызга чыгып, 3,2 миллиард долларга жеткен. Түркмөнстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү да былтыр бир кыйла, 10,7 пайызга өскөн. Өзбекстан мындай динамика менен уюмга мүчөлөрдүн алдыңкы сабында болсо жарашмак. Бирок мунун башка себептери да бар. Өзбекстан үчүн ЕАЭБ рыногу канчалык маанилүү болсо да, Европа биримдигине мүчө өлкөлөр – аталган республиканын соода-экономикалык алакалардын маанилүү бөлүгү.
Өткөн жылы ЕБ мамлекеттери менен товар айлантуу 4,4 млрд. долларды түзгөн. Ошондой эле Европа биримдиги — өлкө экономикасына инвестициялар булагы. Мындай көлөм ЕАЭБ менен салыштырууда алда канча аз, бирок байкоочу макам Ташкенттин Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү боюнча диалог куруусуна тоскоол болбойт. Себеби ушул тапта бул Өзбекстандын кызыкчылыктарына шайкеш. Ошону менен бирге эле бул жагдайлардын баары "Россиянын санкцияларды буйтап өтүшүнө көмөкчү болору" боюнча божомолдон улам Батыштын кысымына карабастан, Өзбекстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетишине жолтоо эмес.
Тажикстан да ЕАЭБге мүчө боло алмак, бирок буга тышкы саясий жана ички факторлор тоскоолдук кылат. Өлкө жетекчилиги биримдиктин республиканын экономикасына келтире турган пайдалары туурасында бир чечимге келе элек. Ошол эле учурда Кыргызстан менен чечилбей келе жаткан чек ара маселелери ЕАЭБ мейкиндигине кирүү демилгесин бөгөттөйт. Анткен менен, буга карабастан Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жакында эле: "Экономикалык кызыкчылыктардан улам республиканын ЕАЭБге кириши жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн" экенин билдирген. Бул туурасында өлкөдө талкуу кызуу жүрүп жатканын боолголосок болчудай. Ушул айдын 14-15инде Душанбеде өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин Кеңешмеси Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы пикир келишпестиктерди жоюп, Душанбени интеграция боюнча чечим кабыл алууга түртөрү да ажеп эмес.
Түркмөнстан жаатында айта турган болсок, Москва менен Ашхабаддын ортосунда бир жарым жылдан бери ЕАЭБ алкагында кызматташууга өз ара кызыгуу жөнүндө расмий билдирүүлөр жаңырып келет. Аталган мамлекет үчүн эксперттер Өзбекстанга окшоп уюмга байкоочу макамын алуу реалдуу экенин белгилешет. Ошентсе да ЕАЭБ үчүн Түркмөнстан, өлкө үчүн биримдиктин да мааниси бир топ жогору. Ашхабад Түштүк Азияга чыгуу үчүн жаңы транспорттук багыт жана газ түтүктөрүнө кызыкдар. Бул үчүн Ирандын территориясы колдонулушу мүмкүн, эске салсак, бул Ислам республикасы менен ЕАЭБдин ортосунда эркин соода жүргүзүү тууралуу макулдашуусу бар. Буга байланыштуу биримдикке кирүүгө умтулуу да жок эмес, бирок азырынча өлкөнүн саясий чечимине такалууда.
АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Борбор Азия лидерлерин АКШда эмне күтөт? С5+1 саммити жөнүндө пикир

Транзит маселеси: арга табылбай койбойт

Азыр ЕАЭБ мейкиндигинде, атап айтканда, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жүк ташуу боюнча көйгөйлөр бар. КР тараптагы чек ара пунктуларында көп учурда жүк ташуучу транспорттор тизилип туруп калат. Казакстан Республикасынын өкмөтү президент Токаевдин тапшырмасы менен бул маселени чечүүдө, бирок евразиялык мейкиндик соода-экономикалык алакалардын майнаптуулугун арттыруу үчүн экономикалык биримдиктин мамлекеттерин байланыштыра турган альтернативдик багыттарга муктаж экени айдан ачык. Ошол себептен, азыркы тапта Кыргызстан — Өзбекстан — Түркмөнстан (Түркмөнбашы порту) — Россия (Астрахань порту) жаңы мультимодалдык маршрутунун мааниси кыйла артты.
Чындыгында эле бул маршрут Борбор Азиянын төрт өлкөсүн байланыштырып, келечекте чөлкөмдөгү мамлекеттердин эсебинен биримдиктин кеңейишине таасир эте алат. Бул жагынан алып караганда Тажикстандын ЕАЭБге кошулуу маселесин олуттуу кароого себептер арбыйт.
Кыргызстан Казакстан менен чек арасында транспорттун топтолушун чечүү үчүн Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында жүктүн изине көз салууда көзөмөл-текшерүү иштеринен баш тартуу менен өз ара соода жүргүзүүдөгү бөгөттөрдү жоюуну сунуштады. Бул максаттарга жетүү үчүн ЕАЭБде жүктүн изине байкоо салуу үчүн навигациялык пломбаларды пайдалануу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Жогоруда аталган нерселердин баары өлкөлөр ортосундагы мындан аркы сүйлөшүүлөргө предмет болуп бере алат. Кандай кырдаал болбосун, бир аргасы табылат. Кезегинде интеграциялык түзүмдүн тагдырын арсар кылып коё турган Россия менен Беларустун ортосундагы пикир келишпестиктерди эстеп койгон оң болор.
Кандай болсо да ЕАЭБ ичиндеги эки ача көз караштар, талаш-тартыштарды чечүүнүн механизмдери жана тажрыйбасы жок эмес, алар майнаптуу да экени талашсыз. Демек, чөлкөмдөгү эки коңшу мамлекеттин маселеси да чечилет.

Мүмкүнчүлүктөрдүн кең мейкиндиги

Ушул эле Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин ЕАЭБдин мындан аркы өнүгүшү жөнүндөгү Россиянын көз карашын айтты. Узак мөөнөттүү планда бул экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн келечегин аныктайт. Андагы айрым пунктуларды төмөнкүчө белгилесек болот:
ЕАЭБ башка өнөктөштөр үчүн ачык, жагымдуу, өзүн-өзү камсыздай алуучу макроаймак;
азык-түлүк, кубаттуулук менен кепилденген камсыздоосу бар бирдиктүү мейкиндик;
тоскоолдуксуз жана коопсуз эл аралык транспорттук коридорлор;
жалпы төлөм мейкиндиги.
Борбор Азия мамлекеттеринде да, анын чегинен тыш да ЕАЭБге карата сын-пикирлер, адатта биримдиктин адеп түзүлгөндөгү саясий мотивациясынан улам айтылат. Анда "өз таасиринин мейкиндигин калыптандыруу боюнча Россиянын кызыкчылыгынан улам" экени айтылган.
Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн айрым саясий ишмерлери "советтик өткөн турмуштун мурастарынан арылуу" же "россиялык таасирден качуу" далалатында отуз жылдан ашуун убакыт сарпташты. Бирок алар катуу чакырыктар жаңырып, коопсуздуктун глобалдык коркунучу жаралып, азык-түлүк, суу, кубаттуулук жана башка ресурстар таңсык болуп турган убакта бул келечектин маселеси, бирдиктүү жана коопсуз мейкиндик экенин элес алышпайт.
Учурдун геосаясий реалдуулуктары мамлекеттердин баары эле толугу менен өз алдынча боло албай турганын, калкынын негизги керектөөлөрүн толук камсыздоого кепилдик бере албасын даана көрсөтүүдө. Ал эми дүйнөлүк тенденцияларды эске алсак, көп өлкөлөрдүн келечеги бүдөмүк. Албетте, Евразиялык интеграция замандын бүт көйгөйүн толук чечип, коркунучтардын баарын жоюп жибербейт. Бирок биримдик коопсуз келечек жана биргелешкен ийгиликтүү өнүгүүгө үмүт отун жандырат.
ЕАЭБ стендинин жанында киши өтүп бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2023
БРИКС жана ЕАЭБ эмнеси менен айырмаланат? Экономисттин түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0