Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди

© Photo / Pexels / Karolina GrabowskaЧачын агарганын караган кыз. Иллюстративдик сүрөт
Чачын агарганын караган кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Жазылуу
Бул витаминдин жетишсиздиги чачтын агарышына гана алып келбестен, башка жагымсыз жана коркунучтуу симптомдорду да пайда кылышы мүмкүн.
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Медицина илимдеринин доктору, диетолог Майкл Бол чачты эмне үчүн эрте ак басып кетерин түшүндүрүп берди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Маалыматта буга биринчи кезекте генетика себепкер экендиги айтылат. Андан тышкары, чач В12 витаминдин жетишсиздигинен да агарат.
"Бул витаминдин жетишсиздиги чачтын фолликулдарынын клеткасын алсыратып, меланиндин иштелип чыгышына тоскоол болот", — деген адис.
Ошондой эле В12 витамини жетишпеген учурда адам ар дайым чарчап, көздүн көрүүсү начарлап, булчуңдардын алсызданары айтылган.
Ал эми меланиндин азайышына калкан безиндеги оорулар менен тамеки чегүү себепкер болору кошумчаланган. Никотин кан тамырларды ичкертип, мындан улам зыяндуу заттар топтолуп, чачтын агаруусун шарттайт.
Кандын экспресс-анализи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2023
Онколог кандагы тромб өлүмгө кептеши мүмкүндүгүн эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0