Бишкекте, Ошто, Кара-Балтада бараандуу фестиваль өтөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын ачылыш аземинде артисттер. Архив
Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын ачылыш аземинде артисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2023
Жазылуу
Фестивалдын каармандары жазуучулар, сүрөтчүлөр, музыканттар жана архитекторлор, актёрлор жана режиссёрлор болмокчу.
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бишкек, Ош, Кара-Балта шаарларында "Кыргызстан-Россия: жалпы маданий мурас" деп аталган масштабдуу фестиваль өтө турганын "Фонд наследия русского зарубежья" уюму билдирди.
Анын алкагындагы иш-чаралар 8-16-сентябрда болмокчу. Программада лекциялар, ачык талкуулар, көргөзмөлөр, опера, драма жана джаз премьералары камтылган.
"Программа өмүрү жана тагдыры Кыргызстан менен Россиянын жалпы маданий мурастарына байланышкан көрүнүктүү инсандар жөнүндө айтып берүүгө багытталган", — деп билдиришти уюштуруучулар.
Анын каармандары — жазуучулар, сүрөтчүлөр, музыканттар жана архитекторлор, актёрлор жана режиссёрлор. Фестивалдын кызыктуу иш-чаралары тууралуу билип жана ага катышуу үчүн шилтемесине кирип катталууга болот.
Бий искусствосу-2023 эл аралык фестивалы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2023
Ош шаарында беш өлкөнүн бийчилери жөө жүрүш жасашты
Жаңылыктар түрмөгү
0