4-сентябрда Бишкектин бир катар аймагында жарык өчөт. График

© AP Photo / Eric GayЭлектр зымдары. Архивдик сүрөт
Электр зымдары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2023
Жазылуу
Жумушчулар бул күнү электр жабдууларын оңдоо, зымдарды алмаштырып тартуу жана башка иштер менен алектенет.
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. "Бишкек электр тармактары" ишканасы 4-сентябрда баш калаанын айрым бөлүктөрүндө жарык убактылуу өчүрүлөрүн маалымдады.
Электр энергиясы ишкананын жумушчулары трансформатор жабдыктарын, зымдарды оңдоп жана башка иштер менен алектенгендигине байланыштуу үзгүлтүккө учурайт.
Жарык өчө турган аймактар:
9:00дөн 16:00гө чейин — 5-кичи районундагы № 14 үйдө;
9:00дөн 17:00гө чейин — Москва көчөсүндөгү № 226 жана № 228 үйлөрдө, Ахунбаев, Кулатов, Оренбург, Лев Лостой, Можайский көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Баку, Краснофлот, Витебск, Снегирев тар көчөлөрүндө, Ак-Ордо конушунда;
9:00дөн 19:00гө чейин — Фрунзе, Коёнкөзов, Исанов, Абдымомунов, Рыскулов көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
9:30дан 17:00гө чейин — Фучик көчөсүндөгү № 5, № 10 үйлөрдө;
9:30дан 18:00гө чейин — Алтын-Казык конушунда жарык болбойт.
Кыргызстан улуттук электр тармагы ААКтын электр энергиясын сатуу башкармалыгынын башчысы Исабек Орозбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2023
Радио
Орозбаев: "Мой свет" тиркемесин өлкө боюнча 185 миң киши көчүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0