Көк бөрү чуусу. Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү элден кечирим сурады

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Оштогу көк бөрү боюнча мелдеши
Оштогу көк бөрү боюнча мелдеши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2023
Жазылуу
Кечээ "Төлөйкөн" ипподромундагы көк бөрү боюнча финалдык оюнду көрүүгө 40 миңге жакын адам келген.
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнист Толтоев кечээ көк бөрү оюнунан кийин болгон окуя үчүн облус тургундарынын атынан кыргыз элинен кечирим сурады. Бул тууралуу видеону өкүлчүлүктүн маалымат кызматы жарыялады.
Толтоев көк бөрү боюнча мелдешти көрүүгө 40 миңге жакын күйөрман келгенин белгиледи. Ошондой эле ал мындай көрүнүш кайталанбашы үчүн кечээ тартип бузгандарга катуу чара көрүлүшү керектигине токтолду.

"Ынтымак" менен "Достук" командасы үзөңгүлөш, бири чемпион болсо, бири вице-чемпион болуп келген. Негизинен көк бөрүчүлөр арасында эч кандай пикир келишпестик болгон жок. Айрым күйөрмандардын тентектиги болуп калды. Эки команданын оюнчулары бир туугандай болуп жүргөнүн көрдүк", — деди ал.

Андан кийин Ош тургундарынын атынан "Ынтымак" командасына тулпар тартуулап, команданын капитаны Жолдошбек Орозбаевге мингизди.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2023
Ошто тополоң кылгандардын ар бири жазаланат. Ташиев түндө кайрылуу жасады
Жаңылыктар түрмөгү
0