Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРоссиянын президенти Владимир Путин жана президент Садыр Жапаров. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин жана президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Жазылуу
Путин Жапаровго чың ден соолук жана ийгилик, жалпы кыргызстандыктарга бакыт жана бакубатчылык каалаган.
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды өлкөнүн эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Россия лидеринин айтымында, мамлекеттер ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделет. Ар кандай багыттардагы эки тараптуу кызматташтык, ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында конструктивдүү өз ара кызматташтык ийгиликтүү өнүгүүдө.
"Көп пландуу орус-кыргыз байланыштарын мындан ары өнүктүрүү биздин достук мамиледеши элдин кызыкчылыктарына толук түрдө жооп берерине, ал Евразия мейкиндигинде коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө алып барарына ишенем", — деп айтылат Путиндин телеграммасында.
Путин Жапаровго чың ден соолук жана ийгилик, жалпы кыргызстандыктарга бакыт жана бакубатчылык каалаган.
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен Ош шаарынан куттуктады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Бир келген тарыхый шансты колдон чыгарбайлы! Жапаровдун куттуктоосу
Жаңылыктар түрмөгү
0