Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Агроном: Бишкектеги бактардын 30%ы карыды, жаңылоого муктаж

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулу"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев
Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
Жазылуу
"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев борбор калаадагы бак-дарактарды жаңылоо маселеси актуалдуу экенин белгиледи.
Бишкектеги бактардын 30 пайыздайы карып, жаңылоого муктаж. Бул тууралуу Жаныбек Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Агроном: Бишкектеги бактардын 30%ы карыды, жаңылоого муктаж
Анын айтымында, ишкананын балансында жалпы 250 миңден ашуун бак катталган.
"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы шаардын 832 гектарында өскөн бак-дарактарды карайт. Алардын алды 50-60-жылдардан тарта отургузулуп, айрымдары карыды. Анткени ар бир бактын түрүнө жана отургузулган аймагына жараша мөөнөтү болот. Мисалы, жол боюна отургузулган теректердин мөөнөтү 40-45 жыл. Ал эми ошол эле теректердин паркта өсүп жаткандарынын мөөнөтү мындан узагыраак. Болжол менен жалпы бак-дарактардын 30 пайыздайы карып, жаңылоого муктаж болуп турат. Анткени бактар карыган сайын иммунитети түшүп, өсүмдүктүн ар кандай илдеттери аныкталууда. Аларды кыйып, тазалап, жаңылоо маселеси келип чыгууда", — деди Жумалиев.
Ошондой эле ал жалпы тогуз миңден ашуун бак-дарак электрондук каттоого алынганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0