Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Крымга сокку уруу Батыш менен макулдашылды". Зеленскийдин кеңсеси жар салды

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКрымдагы көпүрөгө жасалган чабуул. Архивдик сүрөт
Крымдагы көпүрөгө жасалган чабуул. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Жазылуу
Дүйшөмбүдө Аксенов Крымдын батышы менен чыгышында каршылаш тараптын пилотсуз эки аппараты атып түшүрүлгөнүн билдирген.
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин кеңсе жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк эфирде батыштык өнөктөштөрү Украинанын "Россиядагы бардык нерселерди" жок кылуусун колдой турганын, анын ичинде Крымга кол салуу да макулдашылганын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Дүйшөмбү күнү Крымдын башчысы Сергей Аксенов республиканын батышы менен чыгышында каршылаш тараптын пилотсуз эки аппараты атып түшүрүлгөнүн билдирген. РФтин Коргоо министрлиги "саат 10:30дар чамасында Киев режиминин кезектеги террордук чабуулунун мизи кайтарылып, учак тибиндеги пилотсуз эки аппарат Крымдын үстүнөн атып түшүрүлгөндүгүн" кабарлады.
"Бүгүн, мисалы, Крымда россиялык бардык нерсенин баарын жок кыла алабыз деген абсолюттук консенсус бар. Бир жыл мурда Крым боюнча кандайдыр бир чабуулдар болгондо баары "жок, мунусу жок эле болсун" дешкенин эстете кетейин. Бүгүн абсолюттук консенсус бизди колдогон мамлекеттердин санына окшош, биз россиялык нерселердин баарын жок кыла алабыз", — деген Подоляк Рада телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып.
Подоляк Россиянын аймагына чабуул жасаган "аныкталбаган пилотсуз аппараттардын" саны арбый турганын айтты.
"Россия боюнча айтсак, ал жакта пилотсуз учуучу аппараттар бар. Албетте, алар көбөйөт", — деген ал.
Россия 2024-жылдын 24-февралынан тарта Украинада атайын операция жүргүзүп келет. Россия президенти Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин билдирген. Президенттин айтымында, операциянын түпкү максаты — Донбассты бошотуу жана Россиянын коопсуздугуна кепилдик берген шарттарды түзүү.
Украина президенти Владимир Зеленский жана АКШ башчысы Жо Байден. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский АКШнын коопсуздук кепилдиги туурасында айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0