Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстанда 39 миң баланын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген

© Sputnik / Асылбек БактыбековРеспубликалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун директору Жаңыл Акбаева
Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун директору Жаңыл Акбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Жазылуу
Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун директору Жаңыл Акбаева өлкөдө жылына 60 миңге жакын адам майыптуулук категорияларын алуу үчүн каттоодон өтөрүн айтты.
Кыргызстанда 205 миңден ашык адамдын майыптыгы бар, анын 39 миңин балдар түзөт. Бул тууралуу Жаңыл Акбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда 39 миң баланын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген
Анын айтымында, медициналык-социалдык экспертиза боюнча жаңы токтом даярдалып, көйгөйлөрдү чечүүнүн жаңы жолдору каралат.
"Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык коргоо, колдоо боюнча иштер жүрүшү керек. Өлкөдө жылдан-жылга майыптык алгандардын саны өсүүдө. Учурда 205 миңден ашык адамдын майыптыгы бар, анын 39 миңин балдар түзөт. Ал эми жылына 60 миңге жакын адам майыптуулук категорияларын алуу үчүн каттоодон өтөт. Мунун көп факторлору бар. Ошондуктан медициналык-социалдык экспертиза боюнча жаңы токтом даярдалып, көйгөйлөрдү чечүүнүн жаңы жолдору каралууда. Мындан тышкары, оорулардын жаңы түрлөрү да киргизилип жатат", — деди Акбаева.
Ошондой эле адис майыптыкты аныктоо эрежелери өзгөрүп эл аралык классификациянын негизинде каттоодон өтөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0