Талас шаарында эреже бузуп иштеген мечиттер аныкталды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРТалас шаарында эреже бузуп иштеген мечиттер аныкталды
Талас шаарында эреже бузуп иштеген мечиттер аныкталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2023
Жазылуу
Жакынкы арада мечиттерге республикалык деңгээлде текшерүү уюштурулат.
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Талас шаарындагы мечиттерди текшерүүдө бир катар эрежелер бузулганы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Буга чейин УКМК тарабынан диний мекемелердин ишмердүүлүгүн текшерүү демилгеси көтөрүлүп, ведомстволор аралык топ түзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкүдөй эреже бузуу аныкталды:
172 мечит өрт коопсуздук эрежелерин сактабайт;
107 мечитте санитардык-гигиеналык нормалар каралбайт;
29 мечит Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтө элек;
5 мечит уруксатсыз иштеп жаткан.
Райондук мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мечит имамдарына аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди.
Жакынкы арада текшерүү республикалык деңгээлде уюштурулуп, жугуштуу оорулардын пайда болушуна жана жайылышына байланыштуу терс кесепеттерди алдын алуу максатында талапка жооп бербеген мечиттер жабыла турганы белгиленди. Буга чейин Ошто 60 мечит менен диний окуу жай жабылган.
Ошто комиссия 39 мечитти, 21 диний окуу жайды убактылуу жапты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Ошто комиссия 39 мечитти, 21 диний окуу жайды убактылуу жапты
Жаңылыктар түрмөгү
0