Кызыл-Кыяда ит тиштеп 7 бала, бир чоң киши ооруканага түштү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКапастагдагы ит. Архив
Капастагдагы ит. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2023
Жазылуу
Кутурма — вирустук оору, ал дээрлик бардык учурда иттин тиштегенинен жугат.
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында ит тиштеген жети бала жана бир чоң киши ооруканага түшкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Окуя бүгүн болгон. Иликтөөдөн кийин жабыркагандардын баарын бир эле ит тиштегени аныкталган.
"Итти таап, жок кылышты. Баткен шаарынын ветеринардык лабораториясы иттин мээсин иликтөөгө алган. Мындан тышкары, ушул эле ит үч уйга тиш салганы аныкталды, алар 10 күндүк байкоого алынган", — деп айтылат маалыматта.
Жабыркагандардын баары Кызыл-Кыя шаарындагы оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланып жатышат. Инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн тиешелүү иш-чаралар аткарылып жатканы айтылды.
Кутурма — вирустук оору, ал дээрлик бардык учурда иттин тиштегенинен жугат. Эгер ушундай окуяга кабылсаңыз, дароо ит тиштеген жерди самындап жуушуңуз керек. Сөзсүз жакын жердеги травмпунктуга барып, же тез жардам чакыруу зарыл. Дарыгерлер дарылануу курсун дайындайт. Эмделүү акысыз.
Кол кармашып турган түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2023
Санэпид: Кыргызстанда жугуштуу оорулар, өзгөчө сифилис арбып жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0