Россия лидери: РФ тамак-аш каатчылыгын болтурбаш үчүн баарын жасайт

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүБуудай түшүрүү. Архивдик сүрөт
Буудай түшүрүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
Жазылуу
Ал Россия африкалыктарга айыл чарба товарларын берип турган ишенимдүү тарап катары каларын айтты.
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Россия Африка континентинде, дегеле дүйнөлүк рынокто азык-түлүк кризисин болтурбаш үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин "БРИКС плюс" форматында өткөн "бештиктин" лидерлеринин отурумунда айтты.
"Биздин мамлекет Африка өлкөлөрүн, жалпы дүйнөлүк рынокту азык-түлүк жана жер семирткичтер менен камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурат. Башкача айтканда, ачарчылыкка каршы күрөшүүгө дүйнөлүк салымыбызды кошуу жана азык-түлүк каатчылыгын болтурбаш үчүн колдогу мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдаланабыз", — деген Путин "БРИКС плюс" форматында өткөн "бештиктин" лидерлеринин отурумунда.
Ал Россия африкалыктарга айыл чарба товарларын берип турган ишенимдүү тарап катары каларын айтты.
"Африкалык досторубуз Россияны айыл чарба товарларын өтө муктаж болгон өлкөлөргө берип турган ишенимдүү тарап катары карай берсе болот", — деген Путин БРИКСтин отурумунда.
Президент учурда бул иш касташкан башка өлкөлөрдүн Россияга жасаган тоскоолдуктарына, россиялык экспортко киргизилген мыйзамсыз санкцияларга, транспорттук логистиканы, төлөмдөрдү олуттуу кыйындатып жатканына карабастан жүргүзүлүп жатканын белгилеген.
БРИКС саммити Йоханнесбургда 22-24-август күндөрү өтүүдө, ага Кытай, Индия, Бразилия жана Түштүк Африка Республикасынын лидерлери катышууда. Россиянын атынан саммитке ТИМ жетекчиси Сергей Лавров барган, президент Путин видеобайланыш режиминде кошулду.
Россиянын президенти Владимир Путин БРИКС саммитине катышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
Путин: БРИКС бардык мамлекетти тең караган дүйнө тартибин жактайт
Жаңылыктар түрмөгү
0