Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Өлкөдө эттин сапатын QR-код аркылуу текшерүүчү система ишке кирди

© Sputnik / Асель СыдыковаВетеринардык кызматтын Малды, малдан алынган азыктарды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү башкармалыгынын башчысы Манас Майканов
Ветеринардык кызматтын Малды, малдан алынган азыктарды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү башкармалыгынын башчысы Манас Майканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
Жазылуу
Ветеринардык кызматтын Малды, малдан алынган азыктарды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү башкармалыгынын башчысы Манас Майканов азырынча бодо малдын эти гана система аркылуу көзөмөлдөнөрүн айтты.
Эми базардагы мал этинин сапатын, малдын союлган күнүн QR-код аркылуу текшерип билүүгө болот. Бул тууралуу Манас Майканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Өлкөдө эттин сапатын QR-код аркылуу текшерүүчү система ишке кирди
Анын айтымында, азырынча бодо малдын эти гана система аркылуу көзөмөлдөнүүдө.

"Эт сатып аларда эми кардарлар азык тууралуу кенен маалыматка дароо ээ боло алышат. Атайын тиркеменин жардамы менен коюлган QR-коддо эмненин эти, малдын качан союлганы, жашы, алган вакциналары тууралуу маалымат камтылат. Мындай ыкма эт продукциясынын союлган жеринен баштап, канча жолу ветеринардык экспертизадан өткөндүгү жана бул малдын этин сатууга уруксаты бар-жогу тууралуу маалыматтардын баарын берет. Азырынча чийки этке, андан соң эт азыктарына киргизилет. Бул жерде бодо малдын эти гана система аркылуу көзөмөлдөнүүдө. Учурда майда малды идентификациялоо иштери толук аягына чыга элек. Андан соӊ сүттөн жасалган продукциялар кийинки этап менен ишке ашат. Балык, үй канаттуулары, бал аарылары каттоодон өтүп, алардын кыймылын көзөмөлдөө системасы иштелип жатат", — деди Майканов.

Ал QR-кодду сканерлөө аркылуу дүкөн, базар жана башка бардык жерде сатылып жаткан эт тууралуу маалымат алууга болорун, эгерде QR-код жок болсо сатуучудан кардар талап кылышы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0