"Прогресс МС-24" корабли Эл аралык космостук станцияга сапар алды. Видео

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүү"Прогресс МС-24" корабли Эл аралык космостук станцияга сапар алды
Прогресс МС-24 корабли Эл аралык космостук станцияга сапар алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Жазылуу
Жаңы кеме станцияга 2,5 тонна жүк алып бара жатат.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. "Роскосмостун" "Союз-2.1а" ракетасы орбитага чыгарган "Прогресс МС-24" корабли Эл аралык космостук станцияга сапар алды. Бул тууралуу РИА Новости Башкаруу борборундагы кабарчысына таянып билдирди.
Маалыматта кеменин тышкы элементтери болгон антенна менен күн батареялары орбитага чыккандан кийин толугу менен ачылганы айтылат.
Ракета Байкоңур космодромунун №31 аянтчасынан Москва убактысы менен саат 04.08де учкан. Ракетадан бөлүнүп чыккан соң "Прогресс" өз алдынча станцияга багыт алган. Ал 25-августта саат 06.50дө конмокчу. Корабль космосто 174 күн жүрөт.
"Прогресс МС-24" станциянын россиялык сегментинин "Звезда" аталышындагы кызматтык модулуна конот, бул жерде 21-августка чейин "Прогресс МС-22" болгон.
Жаңы кеме станцияга 2,5 тонна жүк алып бара жатат, анын 1,5 тоннасы экипаж жана станциянын системасына арналган кургак жүк, жарым тоннасы күйүүчү май, мындан тышкары, 420 килограмм суу жана станциянын атмосферасын толтуруу үчүн 40 килограмм азот бар.
Буга кошумча, "Прогресске" табигый жана техногендик кырсыктарды божомолдоо системасын иштеп чыгуудагы эксперименттер үчүн, булуттарды изилдөө, космостук учуулардын адам органына тийгизген таасирин, Жердин магниттик талаасынын микроогранизмдерге, белок кристаллдарын өстүрүүгө тийгизген таасирин иликтөө үчүн жабдуу жүктөлгөн.
Жердин орбитасындагы космонавт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2023
Адамзаттын Жердин орбитасындагы рекорду жаңыланды
Жаңылыктар түрмөгү
0