Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россиянын Аба-космостук күчтөрүн генерал Афзалов жетектей баштады

© Sputnik / Медиабанкка өтүүРоссиянын Аба-космостук күчтөрүнүн учагы. Архивдик сүрөт
Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн учагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Жазылуу
Афзаловдун Аба-космостук күчтөрүн жетектөөдө мурдагы тажрыйбасы бар.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн жетекчиси Сергей Суровикиндин ордуна анын милдетин убактылуу аткарып туруу Аба-космостук күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Виктор Афзаловго жүктөлгөндүгүн РИА Новостиге маалымат булак кабарлаган.
Буга чейинки маалыматтарда армиянын генералы Сергей Суровикин башка ишке которулганына байланыштуу жетекчилик кызматтан кеткендиги айтылган болчу.
"Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн мурдагы жетекчиси Сергей Суровикин кызматынан бошотулуп, учурда аны аталган күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Виктор Афзалов аткарууда", — деген ал РИА Новостиге.
Афзалов мурда Суровикин атайын операция аймагындагы күчтөр менен аскерлердин бириккен тобуна командадык кылганда да анын кызматын убактылуу аткарып турган.
Генерал-полковник Виктор Афзалов Пушкин атындагы Абадагы кол салууда колдонуучу радиоэлектроника жогорку аскердик училищенин бүтүрүүчүсү.
2000-жылы Абадагы кол салуудан коргоо аскердик университетти аяктаган.
2010-жылы Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Аскердик академиясын бүтүргөн. Бир топ аскердик жетекчилик кызматтарды басып өткөн. 2017-жылы Чыгыш аскер округунун Аскер-аба күчтөрүнүн жана абадан коргонуу армиясынын жетекчиси болуп дайындалып, 2018-жылы августта Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси болгон.
Эл аралык аскердик-теникалык Армия-2023 форуму. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2023
"Армия-2023": Россия Кургактагы жана Аба-десанттык күчтөрүнүн техникасын көрсөттү
Жаңылыктар түрмөгү
0