АКШ сенатору Кыргызстанга эмне максат менен келди? Саясат таануучунун пикири

© AP Photo / Evan VucciАКШ Сенатынын улуттук коопсуздук жана өкмөт иштери боюнча комитетинин төрагасы Гэри Питерс. Архивдик сүрөт
АКШ Сенатынын улуттук коопсуздук жана өкмөт иштери боюнча комитетинин төрагасы Гэри Питерс. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Жазылуу
Кыргызстан ар кыл мамлекеттер менен кызматташуусу керек, бирок эксперттин айтымында, Батыш берген убадасын тез эле унутуп каларын эстен чыгарбоо кажет.
АКШ Сенатынын улуттук коопсуздук жана өкмөт иштери боюнча комитетинин төрагасы Гэри Питерс Кыргызстанга иш сапары менен келди. Аны президент Садыр Жапаров кабыл алды. Тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы саясий жана экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча пикир алмашкан.
Өлкө башчы "өз ара түшүнүшүү бекемделип жатканын" белгилеп, өзөгүндө коопсуздук, демократия жана экономикалык өсүү турган күн тартиби мындан ары да ушул нукта кетерине ишеним артты. Ал эми сенатор достукту бекемдөөгө дилгирлигин билдирип, эки тараптын кызыкчылыгына төп келген багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын белгиледи.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАКШ Сенатынын улуттук коопсуздук жана өкмөт иштери боюнча комитетинин төрагасы Гэри Питерстин президент Садыр Жапаров менен жолугушуусу
Рабочий визит сенатора США Гэри Питерса в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
АКШ Сенатынын улуттук коопсуздук жана өкмөт иштери боюнча комитетинин төрагасы Гэри Питерстин президент Садыр Жапаров менен жолугушуусу

Токтобогон сапарлар жана алардын чыныгы максаты

Акыркы эки жылдан бери Кыргызстанга ар кыл деңгээлдеги америкалык жана европалык саясатчылар ат тезегин кургатпай келип жатышат. 2022-жылдын апрелинде АКШ мамкатчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укугу боюнча орун басары Узра Зея келген. Эксперттердин айтымында, бул сапар Россиянын Украинадагы атайын операциясына каршы "экинчи фронт" ачууга байланыштуу эле. Октябрда мамкатчынын коомчулук менен байланышуу боюнча жардамчысынын милдетин аткарган Элизабет Кеннеди Трюдо келип кетти. Саясат таануучулар бул визит да "экинчи фронт" ачуу саясатын улай маалыматтык чөйрөнү камтыганын айтышты. Андан көп өтпөй эле Кыргызстанга Борбордук командачылыктын ресурстар жана анализ боюнча директору Роберт Унгер башында турган америкалык делегация келди.
© Пресс-служба правительства КР

АКШ мамкатчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укугу боюнча орун басары Узра Зея

АКШ мамкатчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укугу боюнча орун басары Узра Зея - Sputnik Кыргызстан
1/6

АКШ мамкатчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укугу боюнча орун басары Узра Зея

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

АКШнын мамкатчынын коомчулук менен байланышуу боюнча жардамчысынын милдетин аткарган Элизабет Кеннеди Трюдо

АКШнын мамкатчынын коомчулук менен байланышуу боюнча жардамчысынын милдетин аткарган Элизабет Кеннеди Трюдо - Sputnik Кыргызстан
2/6

АКШнын мамкатчынын коомчулук менен байланышуу боюнча жардамчысынын милдетин аткарган Элизабет Кеннеди Трюдо

© Фото / пресс-служба МЧС КР

Кыргызстанга Борбордук командачылыктын ресурстар жана анализ боюнча директору Роберт Унгер башында турган америкалык делегация келген

Кыргызстанга Борбордук командачылыктын ресурстар жана анализ боюнча директору Роберт Унгер башында турган америкалык делегация келген - Sputnik Кыргызстан
3/6

Кыргызстанга Борбордук командачылыктын ресурстар жана анализ боюнча директору Роберт Унгер башында турган америкалык делегация келген

© AFP / LEAH MILLIS

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен - Sputnik Кыргызстан
4/6

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

АКШнын Мамкатчынын жардамчысы Дональд Лу

АКШнын Мамкатчынын жардамчысы Дональд Лу - Sputnik Кыргызстан
5/6

АКШнын Мамкатчынын жардамчысы Дональд Лу

© AFP / SAUL LOEB

АКШнын финансы министринин жардамчысы Элизабет Розенберг

АКШнын финансы министринин жардамчысы Элизабет Розенберг - Sputnik Кыргызстан
6/6

АКШнын финансы министринин жардамчысы Элизабет Розенберг

1/6

АКШ мамкатчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укугу боюнча орун басары Узра Зея

2/6

АКШнын мамкатчынын коомчулук менен байланышуу боюнча жардамчысынын милдетин аткарган Элизабет Кеннеди Трюдо

3/6

Кыргызстанга Борбордук командачылыктын ресурстар жана анализ боюнча директору Роберт Унгер башында турган америкалык делегация келген

4/6

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен

5/6

АКШнын Мамкатчынын жардамчысы Дональд Лу

6/6

АКШнын финансы министринин жардамчысы Элизабет Розенберг

Бир нече айдан кийин, ушул жылдын апрелинде, Борбордук Азияны АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан, кийинчерээк мамкатчынын жардамчысы Дональд Лу кыдырып чыкты. Аналитиктер Беларустагы кырдаалды курчутуу, Кавказга азербайжан-армян чыры менен от жагуу аракеттерин, Казакстандагы январда болуп өткөн окуяларды эске салып, бул сапарлардын баары регионду чайпалтуу далалаты экенин бир ооздон белгилешти.
Көп өтпөй Кыргызстанга АКШнын финансы министринин жардамчысы Элизабет Розенберг келди. Ал буга чейинкилердин жолун улап, санкция киргизүү опузасы менен кысым жасоого аракет кылды.
Бул ирет АКШнын кезектеги саясатчысы Гэри Питерс Кыргызстанга эмнеге келгенин саясат таануучу Марс Сариев түшүндүрүп берди.
© Sputnik / Жоомарт УраимовСаясат таануучу Марс Сариев
Политолог Марс Сариев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Саясат таануучу Марс Сариев
Эксперттин айтымында, АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнө кысымын күчөтө берет.
"АКШ алдап өзүнө тарткан, ошону менен бирге коркутуп-үркүткөн саясатты карманып келет, Питерстин сапары "таттуу токоч" сыяктуу. Кыргызстан көп векторлуу саясат жүргүзгөн өлкө, бирок буга чейинки тажрыйба Батышка толугу менен ишеним артууга болбой турганын көрсөтүп келет. Англосаксондук дүйнөдө өз милдеттенмелеринен каалаган убакта баш тартып кетүү кеңири тараган", — деди саясат таануучу.

Келишимди илгерилетүү

Сариев Гэри Питерс АКШнын саясий истеблишментинде салмактуу фигура экенин белгиледи.
"Бул кокусунан жасалган сапар эмес, кандайдыр бир деңгээлде АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы мамиленин оңоло баштаганынан кабар берет. Эки өлкөнүн кызматташуусу тууралуу келишим 1993-жылы жокко чыгарылганын эскерте кетсек, бул визит жаңы келишим түзүүгө жана дипломатиялык байланыштарды бекемдөөгө жасалган кадам деп түшүнсөк болот. Жаңы документтин Кыргызстан үчүн эч кандай кооптуулугу жок, ошентсе да ар бир пунктуна дыкат көңүл буруу зарыл. Аталган макулдашууга айрым жерлерине кыргыз тарап макул болбогондуктан кол коюлбай келген. Анда ар кыл бейөкмөт уюмдарга дипломатиялык макам ыйгаруу сыяктуу Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары кабыл алына турган пунктулар бар эле", — деди Сариев.
Эксперттин айтымында, ар кыл өлкөлөр менен кызматташуу тууралуу макулдашуу — кадыресе көрүнүш. Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштөрү болгон Россия менен Кытайдын саксынуусун жаратышы мүмкүн болсо да АКШ менен дагы мындай келишим керек.
Саясий илимдердин доктору Токон Мамытов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Борбор Азияга жол табууну көздөгөндөр өтө көп. Токон Мамытов менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0