Жогорку сот Россияда атайын операцияга катышкан Кубанычбек уулунун ишин карады

© Sputnik / Константин МихальчевскийРоссиянын Куралдуу Күчтөрүнүн Мариуполь шаарындагы аскер кызматчысы. Архив
Россиянын Куралдуу Күчтөрүнүн Мариуполь шаарындагы аскер кызматчысы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Жазылуу
Адвокаттар Кубанычбек уулу атайын аскердик операцияга жалданма болуп эмес, аскер кызматкери катары катышканын билдирди.
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Россиянын Украинадагы атайын операциясына ыктыярдуу түрдө катышкан Аскар Кубанычбек уулуна чыккан өкүм Жогорку сотто каралды.
Кыргызстандык жигит быйыл 16-майда 10 жылга эркинен ажыратылган. Бүгүнкү сот отурумунда төмөнкү эки инстанцияда кабыл алынган чечим каралды. Өкүмгө нааразы болгон айыпкер апелляциялык арыз жазган, анын жактоочулары Кубанычбек уулу атайын аскердик операцияга жалданма болуп эмес, аскер кызматкери катары катышканын билдирди.
Андан соң судья материалды толук карап чыгуу үчүн отурумду 30-августка жылдырды.
Аскар Кубанычбек уулу 2023-жылдын январь айында атасынын ооруп калганын угуп Кыргызстанга келгенде атайын операцияга катышкан деп камакка алынган. Сотто ал согуш талаасына өз ыктыяры менен барганын, Россиянын жарандыгын алууну каалап жүргөнүн билдирген.
Кыргызстандык Россиянын бийлигине кайрылып, ага жарандык берүүнү өтүнгөн. РФ ТИМи буга дароо реакция кылып, маселе каралып жатканын билдирген.
Кишен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2023
УКМК Украинадагы аскердик кагылышууга катышкан кыргызстандыкты кармады. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0