Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мэрия айдоочуларды жумушка чакырат. Талабы

© Sputnik / Асел АкматБишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын Эксплуатация башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Хакимов
Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын Эксплуатация башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Хакимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2023
Жазылуу
Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын Эксплуатация башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Хакимов айдоочуларды жумушка кабыл алуудагы башкы талаптарды айтты.
Бишкек шаарындагы автобус каттамдарына айдоочулар жетишсиз. Бул тууралуу Сатыбалды Хакимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Мэрия айдоочуларды жумушка чакырат. Талабы
Анын айтымында, автобус айдоочуларына суроо-талап ар дайым жогору.
"Ишканабызга айдоочулар жетишсиз болгондуктан медиа аркылуу байма-бай жарыялап келебиз. Автобус айдоону каалагандарды жумушка чакырабыз. Айдоочуларды кабыл алуунун өзүнүн эрежелери бар. Эң негизгиси, айдоочулук күбөлүгү жана тажрыйбасы болушу кажет. Тажрыйбасы жокторду деле тажрыйбалуу айдоочуларга кошуп үйрөтүп келебиз. Жакында эле дагы бир жаңы талап менен иштеп баштадык. Эгер айдоочулук күбөлүктө жеңил унаа айдоого гана уруксат берилип, Д категориясы жок болсо, эми аларды өзүбүз окутуп алабыз. Болгону алар шарт боюнча эки жыл жумуштан чыкпай иштеши керек. Окуу акысын биз каржылагандыктан, эгер эки жылга жетпеген убакытта иштебей кетип калса, анда кеткен чыгымдардын баарын төлөп бериши керек болот. Окуу мөөнөтү 2,5 айды түзөт. Айлыгын кадимкидей эле ала берет", — деди Хакимов.
Ал айдоочуларды автобус айдоого кызыктыруунун эң негизги жолу айлыкты жогорулатуу экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0