Лавров ЕАЭБ, ЖККУ өлкөлөрүнө Батыш басым жасап жатканы тууралуу

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2023
Жазылуу
РФ ТИМ жетекчиси Россия сырттан деструктивдүү таасир көрсөтүү аракеттерин ооздуктоого багытталган иштерди жасап жаткандыгын белгиледи.
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Международная жизнь" журналына маек куруп жатып Россиянын ЕАЭБ, ЖККУ өлкөлөрү менен болгон карым-катнашка комментарий берген. Интервью Россия ТИМинин сайтына жарыяланган.
Лавров Евразиялык экономикалык биримдик менен Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюму боюнча өнөктөш өлкөлөр кастарын тиккен мамлекеттер тарабынан бир топ эле басымга учурап жаткандыгын белгилеген.
Батыштын борборлорунан жогорку кызматтагы кишилер антироссиялык мыйзамсыз санкциялардан "айланып өтүүгө каршы" маселелердеги "консультациялар" боюнча кеп козгоп, ат тезегин кургатпай каттай башташканын айткан.
"Эгерде түз эле айта турган болсок, кеп биздин союздаштарды шантаж кылып, коркутуп-үркүтүп, Россия менен мыйзамдуу кызматташуудан баш тарттырууга мажбурлоо туурасында жүрүп жатат. Тышкы басымдын шартында алар этияттык менен мамиле кылууга аргасыз болуп жатканын түшүнүү менен карайбыз. Эл аралык укукту бузбай жана тараптардын кызыкчылыгына жооп бергендиктен биздин ортобуздагы соода-экономикалык милдеттенмелер аткарылууда", — деп белгилеген Лавров.
Анын айтымына караганда, Москва Россия сырттан деструктивдүү таасир көрсөтүү аракеттерин ооздуктоого багытталган иштерди жасап жатат.
"ЕАЭБдин алкагында союздаш өлкөлөрдүн экономикасынын туруктуулугун арттыруу менен Россияга, Беларуска салынган санкциялардын кесепетин жеңүү боюнча биргелешкен чаралар иштелип чыккан. Бул өзүнүн жыйынтыгын берди. Өз ара сооданын, улуттук валюта менен эсептешүүнүн көлөмү, кооперациялык долбоорлордун саны өсүүдө, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук камсыздалган", — деди Лавров.
РФ ТИМ жетекчиси ЕАЭБдин рыногу Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы соода көлөмүнүн 40 пайызын түзөрүн айтты. Аймакта кеминде 900 миңге чукул адам иштеген 10 миңден ашуун россиялык жана биргелешкен ишканалар иштейт.
"Негизинен евразиялык интеграция ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык туруктуулугун сактай турган жана жарандардын бакубаттуулугун арттыруучу кепилдик катары каралат", — деп белгилеген Лавров.
АКШ мамлекеттик катчысы Дональд Лу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
АКШ мамкатчысынын жардамчысы Кыргызстан менен Тажикстанга эмне максатта келди
Жаңылыктар түрмөгү
0