КРдин футболчуларынын ДЧ тандоо туру алдында ким менен ойноору белгилүү болду

© Sputnik / Алексей ФилипповКыргызстандын курама командасы. Архивдик сүрөт
Кыргызстандын курама командасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2023
Жазылуу
Кыргызстандыктардын атаандашы FIFA рейтингинде 137-орунду ээлейт.
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы сентябрда жолдоштук экибеттеш өткөрөрүн Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.
“Ак шумкарлардын” командасы машыгуучу, көнүгүүчү матчтарды, кыязы, Бириккен Араб Эмирлигинде ойнойт.
11-сентябрда Кувейттин (FIFA рейтингинде 137-орунда турат) командасы менен беттешет. Ал эми кыргызстандык спортчулар 97-орунда. Матчтын Дубайда болору айтылды.
Пландалган экинчи таймаш БАЭнин про-лигасынын клубдарынын бири менен өтөт, бирок датасы азырынча белгисиз.
Булар – ноябрь айындагы маанилүү расмий матчтардын алдындагы кездешүүлөр. Алгачкы эки оюн 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына жана 2027-жылкы Азия кубогуна тандоонун алкагында өткөрүлөт. Тандоо оюндары кийинки жылы март, июнда уланат, кышында Катарда Азиянын 2023-жылкы футбол кубогу болот.
Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кыз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Бали! Калмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатынан коло медаль утту
Жаңылыктар түрмөгү
0