Акчалуу кыргызстандыктарга кол салмак. Шектүү катары чет элдик жаран кармалды

© Sputnik / Дмитрий МакеевКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө акчалуу кыргызстандыктарга кол салуу уюштурууга шектелип Россия жараны кармалганын УКМК кабарлады.
Тонолгон акчаны 28 жаштагы шектүү эл аралык топтордун бирин каржылоого жумшоону пландаштырган.
Атайын кызмат кармалган эркек киши радикалдык идеологиянын жактоочусу экенин белгилеп, Сириядагы террордук топтун эмиссарларынын буйругу менен иштегенин, бир жылдан бери издөөдө жүргөнүн кошумчалады.
УКМКнын маалыматы боюнча, январда шектүү башка мекендешинин паспорту менен чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Ушу тапта комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кишен тагынган кишилер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
УКМК: Сирияда согушуп жүргөн эки кыргызстандык алып келинди
Жаңылыктар түрмөгү
0