Жолдошумдун көңүл буруусу жетишпей тумчугам. Келиндин ызасы

© Pexels / Mikhail NilovСемейная пара с проблемами в отношениях. Иллюстративное фото
Семейная пара с проблемами в отношениях. Иллюстративное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына күйөөсүнүн жетиштүү көңүл бурбаганына ызаланган аял кат жазган.
Саламатсыздарбы! Курагым 30да, учурда балдар менен үйдөмүн. Кесибим мугалим. Декретке чыккам. Жолдошум иштейт. Акыркы кезде күйөөм экөөбүздүн мамилебиз чарчатып жиберди. Ушунчалык буулугуп, тумчугам. Себеби мага көңүл буруу жетпейт. Эртеден кечке балдар, үй иштери менен жаным тынбайт. Ал ортодо уулумду ийримге алып барам. Иши кылып чарба иштери менин мойнумда. Албетте, тамагымды жасап жолдошумду күтөм. Келип божурап сүйлөп бергенин, келечек тууралуу сүйлөшүп, сырдашып, үй-бүлөдөй талкуулаганыбызды каалайм. Ошондой маанайда күтөм. Бирок ал келгенде баары башкача. Чарчап келет да, тамак ичип бүтүп эле телефонун кучактап жата кетет. Сүйлөсөң жооп берип коёт. Артык сүйлөсөң уруша кетебиз. Өзү сөз көтөрө албайт. Айла жок, өзүмдү сабырга чакырып, балдарымдын курсагын тойгузуп, уктатып, үй иштеримди кылып, жуунуп-таранып мен да телефон чукулап жатам. Эртең менен турат да машинасын айдап алып кетип калат. Кайра эле баягы көр тирилик менен жалгыз калам. Өзүм чарбачыл адаммын. Ойлоп көрсөм эркекке "тигини мындай кылалы, кел, эшиктин алдына мындай жасайлы" деген сөздөрдү айтып, алдыга сүйрөсөң жакпайт экенсиң. Натыйжасы жакшы болгону менен сени "оокаттан өлөт" дегендейби, айтор, башкача кабылдап калат экен. Бир жыл айтпай да көрдүм. Үйдө эч нерсе өзгөргөн жок. Айла жок, муктаждыгыңды айтасың. Айтпасаң билишпейт. Кыскасы, күйөөмдүн мага толук көңүл бөлбөгөнү ызалантат. Ээрчишип конокко баруу, паркта сейилдөө деген бизде барган сайын өтө сейрек болуп бара жатат. Жарым жылда бир-эки жолу барсак барабыз, болбосо жок.
Эч кимиси жок экенине да толук көзүм жетет. Билем. Болгону жумуш, үй, эрмеги телефон болуп калды. Таарыныша кетсек сүйлөбөй жүрө берет. Мурда мен сүйлөй берчүмүн. Акыры мен да сүйлөбөй калдым. 10 күндөп сүйлөшпөй жүрө беребиз. Азыр өзүнчө жатканды адатка айлантып алдык. Ага жиним келип өзүнчө жатып алчумун. Ал да өзүнчө жатып алат. Бул көнүмүш болуп баратат. Ушундай мамиле аял катары намыстантат экен. Ушундан көрө ажырашып эле кетсемби деп ойлоном. Же бирөө менен жүрүп алгым келет. Анткени көкүрөгүң мээримге, көңүл бурууга толбогондой сезим менен жашайсың. Күзгүнү карасам жакшынакай элемин, бирок билбейм себебин....
Гүлнара Жасоолова, психолог:
Аялзатын төрөткө чейин жана төрөттөн кийин деп карасак, психологиялык жактан чыңалуунун белгилерин да байкасак болот. Депрессия маалында суроо-талапты көбүрөөк коюп, өзгөчө көңүл бурдурууну каалайт. Адам өзүнүн кемчилигин билгени да жакшы. Башка адамдардын тескери жагын көрүүдөн мурун жакшы жактарына да басым жасоо керек. Жолдошуна болгон ойлорун, сезимдерин, эмоционалдык жактан тынчсызданганын жана жакшы көрүп турганын айтып турса, экинчи тарап ошого жараша мамиле кылат. Өзгөчө жакындар. "Ал сүйлөбөй койду, мен да сүйлөбөйм. Телефон карап жатып алды, мен да ошенттим" дегенде ортодогу эмоционалдык мамиле үзүлүп калат. Үй-бүлөдө мамиле түзүүгө эмес, көр оокатка көбүрөөк ыктап алабыз. Мамиле түзүүнүн да ыкмалары бар. Адам эмнени адат кылса, ал сөзсүз көнүмүшкө айланат. Психологияда өзгөрүүчү жана өзгөрбөөчү нерселер бар. Мүнөзүбүздү өзгөртө алабыз. Ошол себептен өзгөртүүгө мүмкүн болгон нерсеге басым жасашыбыз керек. Таарына берсе, аял-күйөө болуп туруп бири-бирин издебесе мунун баары кийин адатка айланат. Адамдын мүнөзү да ошого ыңгайлаша баштайт. Үй-бүлөдө аялдын жана эркектин өз орду бар. Ал жагы орундалбай жатса акырын отуруп сүйлөшүп, чечишип алуу керек. Терс адаттарды өзүбүзгө сиңирип алсак эмоционалдык жактан туруксуз балдарды тарбиялап алабыз. Ар бир курактын кризистик маалы болот. Ошондон улам да ортодо түшүнбөстүк болуп жаткандыр. Балким жолдошуңуз да жумуштан чарчап, сиздин өзгөчө көңүл бурууңузга муктаждыр. Аны да анализдеш керек. Ачык айтпай эле "өзү деле сезбейби" дей берүү катачылык.
Эркек аялды аркасынан кучактап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2023
Көңүлдөшүмө үйлөнөйүн дейм, кызганычтан улам андан да айрыламбы деп корком...
Аял баласы менен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
Баламдын аутист экенин уккан күйөөм кабыл албай жатат. Эненин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0