Бишкек ШИИБдин жаңы жетекчиси Токтоналиев тууралуу эмне белгилүү

© Фото / пресс-служба УВД Таласской областиБишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев. Архивдик сүрөт
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2023
Жазылуу
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев 1977-жылы 6-мартта туулган.
Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин жана Чүй университетин (юриспруденция) бүтүргөн.
2000-жылдан тарта ички иштер органдарында кызмат өтөгөн. Эмгек жолун Свердлов райондук милиция бөлүмүндө жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясында баштаган. Андан соң ыкчам кызматкер болуп иштеген.
Бишкек ШИИБдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы, Каракол милициясынын жетекчиси, Нарын облустук милициясынын начальнигинин орун басары кызматтарын аркалаган. 2018-жылы Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкармалыгын жетектеген.
Өткөн жылдын март айында Бишкектин Октябрь райондук милициясын жетектеген. Үстүбүздөгү жылдын январынан тарта Талас облустук милициясын башкарып турган.
2023-жылдын августунда Бишкек ШИИБдин начальниги болуп дайындалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0