Майыптыгы барларга кам көргөн жеке ассистент канча акы алат. Кызмат тууралуу маек

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүКичинекей кызды кармаган киши. Архивдик сүрөт
Кичинекей кызды кармаган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2023
Жазылуу
Өлкөдө майыптарга кам көрүүчү жеке ассистенттердин саны эки эселеп өскөндүгү тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымат таратты. Кимдер жеке ассистент боло алары жана аларга кандай шарттар түзүлгөнү кызык.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзада Айдаралиева болду.
© Sputnik / Асель СыдыковаЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзада Айдаралиева
Представитель Министерства здравоохранения и социального развития Гульзада Айдаралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2023
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзада Айдаралиева
— Бүгүнкү күндө өлкөдө социалдык абал кандай?
— Жылдан-жылга мамлекеттен көз каранды болгондордун саны өсүүдө. Өкмөттүн атайын токтому менен 2018-жылы жобо бекитилип, жеке ассистент кызматы киргизилген. Майыптыгы бар баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөр (асыроочулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар) же болбосо жакын туугандары жеке ассистент боло алышат. Булардын жашы 65ке чейин болушу керек. Жеке ассистенттин ден соолугу, бала багуу мүмкүнчүлүгү да каралат. Кыргызстан боюнча жалпы мындай кызматты алган адамдардын жана балдардын саны 13373тү түзөт. Анын ичинен 18 жашка чейинки балдардын саны — 9 121. Ал эми 18 жаштан өткөн жарандардын саны 4336 болду. 2018-жылы кабыл алган жобого ылайык, жеке ассистенттерге көрсөткөн кызматы үчүн 4 900 сом өлчөмүндө атайын акы каралган. 2021-жылдын октябрынан тартып бул жобого өзгөртүү киргизилип, мурда аталган кызмат балдарга гана берилсе, 2021-жылдан баштап 1-топтогу тубаса майыптыгы барларга да көрсөтүлүп келе жатат. Алардын кызматына төлөнгөн акча 6 300 сомду түзөт. Андан тышкары, Социалдык фондго жана Салык кызматына төлөнүүчү акыны мамлекет өз мойнуна алган.
— Бул майыптыгы барларга берилүүчү төлөмдөн тышкарыбы?
— Ооба. Эгер баланын майыптыгы бар болсо, анын медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан (МСЭК, мурда ВТЭК деп аталчу) өткөн күбөлөндүрүү барагынын артына "бирөөнүн кароосуна дайыма муктаж" деп жазылат. Мисалы, балага бүгүн 8 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул каралса, ошондон тышкары жеке ассистентке 6 300 сом төлөнөт. Мындайча айтканда, жеке ассистент — бул өз алдынча кыймылдап, тамак жей албай жана муктаждыктарын аткара албаган адамга кам көргөн киши.
— Документ чогултуу иши канча убакытты алат?
— Бирөөнүн көзөмөлүнө, багуусуна муктаж балага медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) тарабынан тастыктоо берилген соң жашаган жери боюнча жеке ассистент кызматын алуу үчүн аймактык социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылуу керек. Биринчи арыз жазышат, андан кийин медициналык маалым кат алып келиши зарыл. Жеке ассистент болуучу адамдын психикалык ар кандай ооруларынын жоктугу тууралуу маалым кат да талап кылынат. Паспорттун, банк эсебинин көчүрмөсү болууга тийиш. Ушул документтердин баарын толук алып келгенден кийин гана арыз каралат. Жеке ассистент болууга көбүнчө ата-энелер кайрылып жатат. Балдарын карап иштебей жүрүп, булар кийин пенсия ала албай калат экен. Алардын укуктарын камсыздоо үчүн социалдык стационардык мекемелер бар. Айрым учурда майыптыгы бар баланы тууган-уругу атайын мекемелерге, мамлекеттин камкордугуна өткөзүп берип коёт. Жогоруда аталган жобо атайын мекемелерге балдарды жайгаштыруунун санын азайтып, баланы жакындарынан ажыратпоо үчүн иштелип чыккан. Көп учурда майып бала төрөлгөн үй-бүлөлөр ажырашып кетип, чоң атасы, чоң энеси же таята-таенеси карап калат. Бул кишилер да жеке ассистент кызматын алууга кайрылса болот. Бирок алардын ден соолугу, жаш курагы да каралат. Ал ата-энелер атайын окуудан өтүүгө тийиш эмес, ал эми башка туугандары же бөлөк адамдар даярдыктан өтөт.
Куруучу иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023
Иш учурунда кырсыктаган бардык кызматкерге компенсация төлөнүшү керек. Маек
— Кызмат көрсөтүүгө берилүүчү акчаны үй-бүлөнүн кирешесине карап чектебейби?
— Жок. Кызмат көрсөтүүчү адамдын жеке кирешеси каралбайт. Азыр мамлекеттик кызматтардын баары санарипке өтүп жатат. "Түндүк" тиркемеси аркылуу биз да онлайн-тейлөө киргизүүдөбүз. Бул жаатта бир топ иштерди даярдадык. Жакында Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен Сауд Арабиясынын тажрыйбасы Кыргызстанга киргизилип, 100 күндүн ичинде өкмөттүк жаңы программа кабыл алынган. Буга улай биз да медициналык-социалдык эксперттик комиссияда күбөлөндүрүүдөн өтүү процедурасын жөнөкөйлөтүүнү сунуштаганбыз. 100 күндүн ичинде ушул тармактагы маселелер да чечилди. Мурда Саламаттык сактоо министрлигинен 16 документ топтоп, анан күбөлөндүрүүдөн өтүп жүргөн. Бул көп убакытты алып, адамды стресс кылат. Бүгүнкү күндө ушунун ичинен бир эле документ талап кылынат. Ал эми жеке ассистенттин курагы 18ден 65 жашка чейин болушу шарт.
— Былтыркыга караганда быйыл жеке ассистенттердин саны өсүптүр...
— Дүйнө жүзү боюнча майыптыгы бар адамдардын саны жылына өсүүдө. Быйыл бизде алардын саны 205 миңден ашса, анын 36 миңден көбүн балдар түзөт. Былтыр персоналдык ассистент кызматын алган балдардын саны 8493кө жеткен. Демография өскөн жерде майыптыктын саны да көп катталганы байкалууда. Ал эми майыптык аз катталган Европада төрөттүн саны азайган. Ушундай көйгөйлөр бар.
© Sputnik / Асель СыдыковаГүлзада Айдаралиева: жылдан-жылга мамлекеттен көз каранды болгондордун саны өсүүдө. Өкмөттүн атайын токтому менен 2018-жылы жобо бекитилип, жеке ассистент кызматы киргизилген.
Представитель Министерства здравоохранения и социального развития Гульзада Айдаралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2023
Гүлзада Айдаралиева: жылдан-жылга мамлекеттен көз каранды болгондордун саны өсүүдө. Өкмөттүн атайын токтому менен 2018-жылы жобо бекитилип, жеке ассистент кызматы киргизилген.
— Учурда базар баасы өсүп жатканда майыптыгы бар адамдарга дагы кандай жеңилдиктер каралган?
— Күбөлөндүрүүчү документти берерде ал адамдын ишке болгон жөндөмдүүлүгү да каралат. 2019-жылы майыптардын укуктары жөнүндө конвенция кабыл алууну ратификациялаганбыз. Ошондо Кыргызстан боюнча алгачкы докладыбыз кеткен. Анда биздин өлкөдөгү майыптыгы бар жарандардын жана балдардын абалы, эмне иштер жасалып жатканы тууралуу толук маалымат жазылган. Ушул конвенциянын ченемдерин аткаруу максатында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Өзгөртүү 50 пайыздан ашып кетсе, анда жаңы редакцияда жазылышы керек.
Азыр бул макулдашуудан өтүп, коомдук талкууда. "Жеткиликтүү өлкө" аттуу мамлекеттик программа кабыл алынган. Мында майыптарга ыңгайлуу шарттарды түзүү, инклюзивдүү билим берүү системасы, ортопедиялык кызмат көрсөтүү, реабилитация жана башка маселелер каралган. Жакында эле ортопедиялык "Киби" протез колдорду даярдап 13 балага кийгиздик. Эми ушундай протез буттарды даярдоого кириштик. Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин абалын жеңилдетүү үчүн ушул сыяктуу иштер жасалууда. "Жеткиликтүү өлкө" долбоорунун алкагында майыптардын коомдук жайларда, транспорттордо жүрүүсүнө шарт түзүүнү да карайбыз. Аталган программа майыптыгы бар жарандарга гана эмес, калктын аз мобилдүү топтору үчүн да каралган. Программаны түзгөн учурда улгайган жарандар, боюнда бар аялдар, жаш балалуулар да камтылган. Бул долбоор баарын ар тараптуу жеткиликтүүлүктү камсыздоону көздөйт.
— "Социалдык келишим" долбоорунда да жеке ассистенттер каралганбы?
— Жок. 2022-жылы "Социалдык келишим" долбоору иштеп баштаганда өзүбүз да бир аз чочулап турганбыз. Алгач муну эки райондо пилоттук түрдө ишке киргиздик. Жакшы иштеп баштаганда гана республика боюнча колго алдык. Муну азыр аз камсыз болгон үй-бүлөлөр алып жатат. Мамлекет ал үй-бүлөнүн жеке ишкердик ачуусуна гарант болуп берет. Алар бутуна туруп жөлөк пулдан баш тартышы керек. Ошол аз камсыз үй-бүлөлөрдүн ичине улгайгандар, майыптыгы бар жарандар, балдар да кирет. Биз элдин пассивдик ой жүгүртүүдөн активдүү ой жүгүртүүгө өтүшүн максат кылабыз. Башкача айтканда, мамлекеттин жардамын карап отурбай, өзүнчө социалдык ишкердүүлүктү колго алышса дейбиз. Мындан тышкары, "Социалдык тапшырык" программасы да бар. Ал ваучердик, коомдук долбоорлор жана мамлекеттик сатып алуулар аркылуу ишке ашып келет. 2008-жылы социалдык долбоорлорго 4 миллион сом каралса, бүгүн 46-48 миллион сом бюджеттен бөлүнүп жатат. Долбоорлорду ишке ашырууда жарандын муктаждыгы толук эске алынат. Буга стратегиялык жактан экологиялык жана социалдык кырсыктар да кошо камтылат.
Аял ноутбук менен иштеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Үйдөн чыкпай 148 кызматты алса болот. Электрондук кол тамгага түшүндүрмө
Жаңылыктар түрмөгү
0