Милиция 80 миң доллар тоноттум деген кытайлыктарды алдамчылыкка шектеп кармады

© Photo / Pexels / Tima MiroshnichenkoАкча. Иллюстративдик сүрөт
Акча. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2023
Жазылуу
Чет элдиктерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголду.
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкекте Кытайдын жарандары алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул туурасында Свердлов райондук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, алар 24-апрель күнү саат 12:00 чамасында борбор калаадагы парктан белгисиз адамдар коркутуп 80 миң долларын карактап кеткенин айтып, милицияга арыз жазган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси ("Тоноо") менен иш козголгон.
Тергөө учурунда арызда айтылгандар далилденбей, жалган болуп чыкканы белгиленди. Мындан улам башында кайрылган кытайлыктар: 40 жаштагы Ч.В. жана 37 жаштагы Х.Ш. алдамчылыкка айыпталып кармалган. Алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголду.
Жыландын уусун алуу. Иллюстративдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2023
Ала-Букада ири көлөмдө жыландын уусун сатууга аракет кылгандар кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0