Кыргызстан буудайды кайдан импорттойт жана анда ЕАЭБдин үлүшү канча. Сандар

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүБуудай. Архивдик сүрөт
Буудай. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2023
Жазылуу
Кыргызстан өзүн-өзү дан менен толук камсыздай албайт, андыктан чет жактан импорттоого аргасыз.
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстанга ташып келинген буудайдын басымдуу бөлүгү Россиядан, ал эми ун Казакстандан сатып алынат. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган.
Эске салсак, Кыргызстан өзүн-өзү дан менен толук камсыздай албайт, андыктан ун менен буудайды импорттоого туура келет.

Буудай тууралуу маалымат

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Кыргызстан дандын мындай түрүнөн 162,3 миң тонна сатып алган:
Россиядан — 157 963,6 тонна;
Казакстандан — 4 288,7 тонна;
Түркиядан — 0,2 тонна.
Демек, ташып келинген буудайдын дээрлик 100 пайызы Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөргө туура келет.

Ун тууралуу маалымат

Январь-июнь айларында Кыргызстан 13,7 миң тонна буудай жана буудай, кара буудай унун импорттоду. Сатуучу өлкөлөр:
Казакстан — 12 577,9 тонна;
Россия — 1 118,7 тонна;
Түштүк Корея — 0,2 тонна.
Ун боюнча кырдаал дагы буудайга окшоп, дээрлик баары ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алынары белгилүү болгон.
Россия Кыргызстанга жардам катары 1 200 тонна ун, 180 тонна май берди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Россия Кыргызстанга жардам катары 1 200 тонна ун, 180 тонна май берди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0