Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Тагаев: жаштардын башын бириктирген кошуундар түзүлөт

© Sputnik / Асел АкматМаданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2023
Жазылуу
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев өлкөдө жаштар саясатын жүргүзүү боюнча жаңы кабыл алынган мыйзам тууралуу айтып берди.
Жаштардын курагын 35 жашка көтөрүү менен алардын саны дагы көбөйдү. Бул — өлкөнүн экономикасы үчүн жакшы көрүнүш. Жаштарды патриот болууга үндөөнү, туура жолго багыттоону кайсы ведомство алып барат деп талашып отура бергенде маселе чечилбейт. Анткени алар бардык тармакта бар. Өкмөт жаштар арасында туура идеология жүргүзүү саясатын бизге тапшырды. Бул тууралуу Марат Тагаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Тагаев: жаштардын башын бириктирген кошуундар түзүлөт
Анын айтымында, өлкөдө жаштардын башын бириктире турган атайын уюмдар керек.
"Мурда Советтер Союзу учурунда "октябрят, "пионер", "комсомол" деген жакшы структуралар бар болчу. Алар балдар жана жаштар менен иш алып барчу. Мен жакында эле Кытайга барып келдим. Ал жакта бул түзүм дале өз ишин мыкты алып барып жатыптыр. Бизге да мына ушундай кошуундар керек. Албетте, биз бардыгын мурдагы калыбына келтире албайбыз. Бирок азыркы заман талабына ылайыкташкан кошуундар түзүлөт. Бул жаштар боюнча мыйзамга да мыйзамдык акт болуп кирди. Эгемендүүлүк алгандан тарта эле жаштар саясаты мыктылап колго алынбай келген. Аларга туура идеологияны жайылтуу, жаштарды патриоттуулукка үндөө иштери солгун жүргөн. Ошондуктан да айрым жаш кыргызстандыктарда мекенчилдик сезим өрчүбөй калган десек болот. Мындан сырткары, ар кандай сырткы күчтөр да жаштарды тигил же бул маселеде өз кызыкчылыктарына азгырып кетиши мүмкүн, мындай күчтөрдү таптакыр жок деп айта албайбыз. Жаштар өлкө келечеги болуп жаткан соң мына ушуларды алдын алып, балдарды жана жаштарды туура багытка бурушубуз зарыл. Ошондуктан да мыйзам кабыл алынып жатканда өлкөдө 14 -35 жаш аралыгын жаш деп эсептөөнү калтырдык. Максатыбыз — жаштар саясатын жүргүзүүдө мектептерди да камтуу. Эл өкүлдөрү 16 жаштан, 18 жаштан баштап жаштар катарына киргизүүнү сунушташты. Бирок анда биз мамлекеттик идеологияны жайылтууда өткөөл курактагы сезимтал балдарыбызды кошо албай калат экенбиз", — деди Тагаев.
Ал жаштардын курагын 35ке жогорулатуу менен аларга арналган ар кандай программалардан пайдалануучулардын саны көбөйүп, мүмкүнчүлүктөрү жогорулаарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0