Путин: глобалдык тирешүүнү дүйнө коомчулугу биригип гана баса алат

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин Эл аралык коопсуздук боюнча XI Москва конференциясынын катышуучуларына кайрылды
Россия президенти Владимир Путин Эл аралык коопсуздук боюнча XI Москва конференциясынын катышуучуларына кайрылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2023
Жазылуу
Өлкө башчысы Россия эл аралык укук нормаларына негизделген көп полярдуу дүйнө түзүлүшүнүн жактоочусу бойдон кала берерин белгилеген.
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Глобалдык жана регионалдык деңгээлдеги тирешүүнү дүйнө коомчулугу биригүү менен гана баса алат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Эл аралык коопсуздук боюнча XI Москва конференциясынын катышуучуларына кайрылып жатып айтты.
Өлкө башчынын айтымында, мындай ачык, таңууланбаган талкуулардын мааниси зор, анткени дүйнө алдында азыр келечектин контурун аныктоо милдети турат.
"Көп полярдуу дүйнө калыптанып жатканына күбө болуудабыз. Мамлекеттердин басымдуу бөлүгү көз карандысыздыгын, улуттук кызыкчылыгын, каада-салтын, маданиятын коргоого даяр. Жаңы экономикалык жана саясий борборлор түптөлүп жатат. Мунун баары туруктуу глобалдык өнүгүүгө, социалдык, экономикалык, технологиялык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө, жашоонун деңгээлин жогорулатып, миллиондогон адамдын турмушун оңоого негиз болуп бере алат", — деди Путин.
РФ лидери анткен менен эски чыр-чатактар козголуп, жаңылары пайда болуп жатканына токтолду. Президенттин айтымында, мунун баарынын артында турган тараптын максаты айкын: адамзат трагедиясынан пайда көрүп, элдерди араздаштырып, неоколониялык системанын алкагында мамлекеттерди багынтып, алардын ресурсун аеосуз пайдалануу.
"НАТО өлкөлөрү курал-жарагын улам жаңылап, улам күчтөп, аскердик каршылашууну космостук жана маалыматтык деңгээлге өткөрүп, басым жасоонун аскердик да, аскердик эмес да ыкмаларын колдонуп жатат. АКШ Азия — Тынч океан регионундагы мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүү системасын өзүнө ыңгайлаштырууну көздөөдө. Стратегия делгени менен мунун баары Вашингтонго көз каранды аскердик-саясий бирикмелерди түзүүгө багытталган", — деди Путин.
РФ президенти дүйнөнүн башка тараптарында да чыңалуу күчөп жатканын белгиледи. Ар жердин өзүнө жараша өзгөчөлүгү болгону менен баарынын өзөгүндө Батыштын геосаясий авантюралары, өзүн гана ойлогон неоколониялык кадамдары турат. Путин Африка өлкөлөрүн мисал келтирди.
"Отко май чачкан саясаттын арты кандай бүтөрүн Украинанын мисалында көрүп жатабыз. Неонацисттик режимди миллиарддаган доллар, техника, курал-жарак, ок-дары менен камсыздап, кеңешчилерин, жалданма аскерлерин жөнөтүп чырды күчөтүүдө, согушка башка мамлекеттерди да аралашууга мажбурлап жатат. Бүгүнкү күндөгү глобалдык жана регионалдык деңгээлдеги тирешүүнү дүйнө коомчулугу биригүү жолу менен баса алат, биримдик менен гана мамлекеттер аралык ишенимди бекемдеп, өнүгүүсүнө жол ача алабыз", — деди Путин.
Ал Россия эл аралык укук нормаларына негизделген көп полярдуу дүйнө түзүлүшүнүн жактоочусу бойдон кала берерин белгилеп, аталган конференция өлкөлөрдүн майнаптуу кызматташуусун өнүктүрүүгө салым кошоруна үмүт артты.
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Эл аралык коопсуздук боюнча XI Москва конференциясында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шойгу: Украинанын аскердик ресурсу дээрлик аягына чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0