Аял менен эркектин төшөк мамилесин жакшырта турган азыктар аталды

© Фото / Pexels / Kampus ProductionУктап аткан жубайлар. Иллюстративдик сүрөт
Уктап аткан жубайлар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Жазылуу
Адис бул азыкты жашылчалар менен чийкирээк кылып бышырууга кеңеш берди.
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ак жана сары түстөгү козу карындар аял менен эркектин төшөк мамилесине болгон каалоосун күчөтүүгө таасир бере алат. Бул тууралуу дарыгер Ольга Царевага шилтеме берип "Известия" жазды.
Адистин айтымында, либидону көтөргөнгө козу карындагы магний, В, С, Д витаминдери, темир, селен, цинк жана башка пайдалуу заттар жардам берет.
Дарыгер козу карындар пайдалуу болушу үчүн аларды жашылчалар менен чийкирээк кылып бышырууга кеңеш берди. Ага кардамон, карри, имбирь жана кызыл калемпир кошсо пайдалуулугу эки эсе өсөрүн кошумчалаган.
Кыз күзгүгө карап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Көздүн асты эмнеден шишийт? Дарыгердин түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0