Эмдөөдөн өткөн эмес. Кыргызстанда кызылчадан эки бөбөк чарчап калды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүОоруканада жаткан бөбөк. Архивдик сүрөт
Ооруканада жаткан бөбөк. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Жазылуу
Министрлик балдардын ата-энелери диний ишениминен улам кызылчага каршы эмдөөдөн баш тартканын белгиледи.
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстанда жыл башынан бери кызылча ылаңынан эки бөбөк чарчап калды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Үч жаштагы бөбөк Бишкекте, бир жашар наристе Чүй облусунда көз жумган. Министрлик алардын ата-энелери диний ишениминен улам кызылчага каршы эмдөөдөн баш тартканын белгиледи.
Ал эми Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев борбор калаадагы окуя 25-июнда катталганын айтты.
"23-июнда баланы ата-энеси оор абалда алып келген. Кызылчадан тышкары башка дагы оорулары бар экен. Бул башка ооруларды козгогондуктан баланын абалы оорлошуп чарчап калды. Экинчиден, ал кызамыкка эмдөө алган эмес. Учурда ылаң жүрүп жатат, күнүнө Республикалык инфекциялык ооруканага төрт-беш бала келет. Учурда кызылча менен 67 бала жаткан болсо, анын көбү эмдөө албагандар. Ата-энелерге баланы эмдөөдөн сөзсүз өткөрүү керектигин эскертем. Эч бир кепке ишенбей эмдеткиле. Мындан тышкары, бала мындай илдетке кабылганда интернеттен карап өз алдынча дарылагандар бар, бул да туура эмес. Биринчи белгисинде дароо дарыгерге көрсөтүү зарыл", — деди Аалиев.
Кыргызстанда жыл башынан бери 1 704 бала кызылчага чалдыкканы аныкталган. Басымдуу бөлүгү Бишкек, Ош аймактарында. Мындай оору КМШ өлкөлөрүндө да көбөйүп жатканы белгиленди.
Ооруканадагы врач. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Гепатиттин В, С түрлөрүн дарылоодогу акысыз кызматтардын тизмеси жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0