Кыргызстан эмне себептен россиялык данды алууга өттү? Эксперттердин жообу

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүБудай чогултуу. Архивдик сүрөт
Будай чогултуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Жазылуу
Россиянын дан азыктары Казакстандыкына салыштырмалуу арзан болгондуктан Кыргызстандын рыногунун басымдуу бөлүгүн ээледи. Бирок эксперттер муну ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы рынок үчүн атаандаштык деп эсептебейт.
БИШКЕК, 14-август — Sputnik, Михаил Воробьев. Соңку жылдары Кыргызстанга болгон буудайдын импорту өзгөрүүгө учурады. Эгер бир аз убакыт мурда буудай өлкөгө Казакстандан жеткирилип турган болсо, эми Россиядан алынууда. Буга эмне себеп болду жана Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттер ортосунда атаандаштык бар деп айтууга болор-болбосун Sputnik аныктады.

Фактылар

Россия менен Казакстан Кыргызстанга буудай ташыган негизги жеткирүүчүлөр болуп саналат. Бул өлкөгө ташылган эгиндин көпчүлүгү – буудай. Арпа менен жүгөрү буудайга салыштырмалуу анчалык көп көлөмдө алынбайт.
International Trade Statistics маалыматына караганда, 2017-2019-жылдары Казакстандын Кыргызстанга буудайды экспорттоосу 93төн 99 пайызга чейин жетчү. Ал эми 2020-жылы РФ менен Казакстан бирдей көлөмдө буудай сатты. Буга пандемия учурунда Астананын чектөө квотасын киргизгени себеп болушу мүмкүн.
Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин 2021-жылдагы маалыматына ылайык, Россия КРге буудай жеткирүү боюнча Казакстанды артта калтырган (РФтен 57%, Казакстандан 43%). Буудайдын негизги көлөмү 2021-жылдын сентябрынан тарта Россиядан сатып алына баштаган. Бул нерсе Казакстандын даны салыштырмалуу 20-25 пайызга кымбатыраак чыкканы менен түшүндүрүлгөн. Ал эми 2022-жылдын январынан апрелге чейин РФтин үлүшү 96%, 2023-жылдын ошол эле мезгилинде 97%га жеткен.

Өзгөрүүнүн себептери

Кыргызстандын рыногу үчүн күрөштө данды ташууга карата ЕАЭБдин бирдиктүү тарифи менен бааны мамлекеттик деңгээлде жөнгө салуу Казакстандын россиялык өндүрүшчүлөргө жеңилип берүүсүнө шарт түздү. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына Россиянын дан бирикмесинин мурдагы вице-президенти Александр Корбут билдирди.
Анын айтымында, РФте фермерлер бааны өздөрү аныктайт, ал эми Казакстанда мамлекет чечет. Бул нерсе рыноктогу өзгөрүүлөргө тез реакция жасоого жолтоо болот.
© Sputnik / Александр Натрускин / Медиабанкка өтүүРоссиянын дан бирикмесинин мурдагы вице-президенти Александр Корбут
П/к вице-президента Зернового союза России Александра Корбута - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Россиянын дан бирикмесинин мурдагы вице-президенти Александр Корбут

“Казакстан данга болгон бааны жетишерлик деңгээлде жогору кармайт. Мындай чаралар муктаждыктан улам келип чыгууда. Анткени казакстандык айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо өтө маанилүү”, деди эксперт.

Анын айтымында, Казакстанда дагы бир эреже иштейт. Ага ылайык, бул өлкөнүн темир жолдору аркылуу данды Россиядан Өзбекстанга, Түркмөнстанга жана Афганстанга ташуу жергиликтүү жеткирүүчүлөргө салыштырмалуу кыйла кымбат. Ал эми Кыргызстанга ташууда тарифтер бирдей, себеби өлкө ЕАЭБге мүчө.
“Казакстан россиялык ресурстардын Казакстан аркылуу транзитине жогорку тарифтерди кармап турду. Биз бааларды бирдей кылуу үчүн көптөн бери аракет кылып келгенбиз”, деди Россия дан союзунун президенти Аркадий Злочевский.
Александр Корбут россиялык экспортчулардын тажрыйбалуулугун, сатып алуучулар үчүн түзгөн соода саясатын жана ар кандай коркунучтарга даярдыгын белгиледи. Анын айтымында, бул нерсе россиялык дандын Иран менен Азербайжандын рыногунда чоң орун ээлөөгө жол ачты.

РФ менен Казакстандын ортосунда атаандаштык жок

Түзүлгөн кырдаал Казакстанга 2022-жылы эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө тоскоолдук кылган жок. Алар 13,2 миллион тонна буудай менен ун сатышты. Мындай көрсөткүч эгемендүүлүк алгандан бери болгон эмес.
© Sputnik / Антон ДенисовСоциалдык-экономикалык изилдөөлөр институтунун директору, экономика илимдеринин доктору Алексей Зубец
Директор Института социально-экономических исследований Финансового университета при правительстве РФ, доктор экономических наук Алексей Зубец - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Социалдык-экономикалык изилдөөлөр институтунун директору, экономика илимдеринин доктору Алексей Зубец

“Азык түлүктүн дүйнөлүк рыногу – бул бири-бири менен байланышкан кан тамыр системасындай. Анда атаандаштык жок. Кыргызстан россиялык данды алса, демек, Казакстан буудайын башка жакка сатат”, деди Социалдык-экономикалык изилдөөлөр институтунун директору, экономика илимдеринин доктору Алексей Зубец.

Ал белгилегендей, эгер Борбор Азия рыногу үчүн күрөш тууралуу сөз кыла турган болсок, мында арзандатуулар болуп турат. Себеби россиялык өндүрүүчүлөрдүн товарды өткөрүүдө санкцияларга байланыштуу көйгөйлөрү бар.
“Ал эми Казакстандын бул жаатта көйгөйү жок. Демек, алар буудайды эл аралык рынокко арзандатуусуз сата алат. Ал эми Россия бааны төмөндөтүүгө аргасыз”, деди эксперт.
Ал ошондой эле Кыргызстан кирешеси анча чоң эмес өлкө катары арзаныраак жеткирүүлөргө көңүл бурарын кошумчалады.
“Ошол себептен мен атаандаштык бар деп айтар элем. Баа, логистика жана санкция маселеси да турат”, деди Алексей Зубец.
Өндүрүш цехи. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өстү
Жаңылыктар түрмөгү
0