Иш учурунда көз жумган казак полиция кызматкерлеринин балдары Ысык-Көлгө келишти

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көлдөгү жүргүнчүлөр. Архив
Ысык-Көлдөгү жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Жазылуу
Балдарды аниматорлор, фокусчулар коштоп келди. Жолду катар фуршет да уюштурулган.
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Иш учурунда көз жумган казакстандык полиция кызматкерлеринин балдары үчүн Ысык-Көлдө эс алуу уюштурулду. Алар жолго энелеринин коштоосунда чыгышканын Polisia.kz (Казакстандын ички иштер органынын медиаборбору) кабарлады.
Эс алуучулардын катарына көп балалуу тартип сакчыларынын балдары жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кошулган.
Алматы шаарынын Полиция департаментинин жетекчиси Арыстангани Заппаров балдар эки этап менен эс аларын белгиледи.
"Мында көл жээгинде эле эс алуу каралган эмес. Балдар интеллектуалдык оюндарды ойноп, чыгармачылык менен да алек болушат. Экскурсиялар пландаштырылган. Жалпы жонунан 10 күндүк программа абдан кызыктуу түзүлдү. Бул жакшылап эс алып, жаңы окуу жылынын алдында дем-күч алууга мыкты мүмкүнчүлүк", — деди Заппаров.
Маалыматта балдарды аниматорлор, фокусчулар коштоп, жолду катар фуршет уюштурулганы айтылды.
Ысык-Көл. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2023
ЖМК: эс алуу үчүн Кыргызстанды тандаган россиялыктар көбөйүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0