Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Министрлик ата-энелерден балдарды 1-класска каттоону тездетүүнү суранды

© Sputnik / Асель СыдыковаБилим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформациялоо башкармалыгынын башкы адиси Аида Бегалиева
Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформациялоо башкармалыгынын башкы адиси Аида Бегалиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформациялоо башкармалыгынын башкы адиси Аида Бегалиева баланы 1-класска каттоодо түшүнбөгөн маселе жаралса мектеп мугалимдерине, директорго кайрылса болорун айтты.
1-класска балдарды каттоо тартиби абдан эле жеңил. Көп деле аракет талап кылынбайт. mektep.edu.gov.kg сайтына киргенде эле баары түшүнүктүү жазылып турат, атайын нускама видеоролик жайгашкан. Бирок ага карабай түшүнбөгөн маселе жаралса мектеп мугалимдерине, директорлорго кайрылса болот. Бул тууралуу Аида Бегалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Министрлик ата-энелерден балдарды 1-класска каттоону тездетүүнү суранды
Анын айтымында, бир балага бир эле электрондук кабинет берилгендиктен, мектептен баш тарткан учурда ээлеген электрондук кезектен чыгып коюу зарыл.
"Мурдагы жылдарга салыштырмалуу балдарды 1-класска өз алдынча каттоодо ата-энелер баарын билип, түшүнүп калышты. Ошентсе да кээ бири системаны жакшы түшүнө албай же смартфондон киргенде ыңгайсыздык болуп жатканын айтып калышат. Мындай учурда 110 кыска номерине чалуу керек. Азыр ЖОЖдор боюнча да кайрылгандар көп болгондуктан операторду бир аз күтүп калганга туура келип жатат. Бирок ата-энелер чочубай эле койсо болот, анткени бардык уюлдук операторлордон чалуу акысыз. Болбосо облус, райондогу биздин өкүлчүлүктөргө кайрылышсын. Аларга да барууга мүмкүнчүлүгү жок болсо айылдагы мугалимдер эле жардамга келе алат. Азыр каттоонун экинчи этабы жүрүүдө. Мен ата-энелерди шашылыңыздар дегим келет. Анткени алар каалаган мектептер толуп калган соң "ошол жерге баламды окутмакмын" деп өкүнүп, каттоого турганга далалат кылган учурлар көп. Андыктан олуттуу көңүл буруп баланы каттап, дароо документтерин мектепке алып барып берип койгон оң", — деди Бегалиева.
Ал ошондой эле юридикалык дареги аныктала элек жаңы түшкөн үйлөрдө же конуштарда жашап жаткандар экинчи этапта бош орундары бар каалаган мектепке каттоого тура аларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0