Кыздын себи: бериле турган негизги оокаттар. 2023-жылдагы баа

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан жергиликтүү сатуучулар менен байланышып, кыздын себин даярдоого канча акча кетерин сураштырып көрдү.
Сеп даярдоо — кыргызда бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жоготпогон олуттуу салттардан. Ата-эненин кызга болгон камкордугу мезгилге, замандын оош-кыйышына баш ийбейт эмеспи. Ооба, азыр айрым апалар өз колу менен шырдак оюп, аны шырып же ала кийиз басып-бышырбай калгандыр, бирок кызынын барган жеринде жакшы жашоосу, тиричиликке керектүү оокат-буюмдардан кем болбошу үчүн ата-эне мурдагыдан жазбай кам көрүп келишет. Андыктан баба салтын сактап, турмушка узап жаткан кызга чыны-кашыгынан тартып, эгерде колунда болсо астына минчү автоунаасы менен үстүндөгү үйүнө чейин берип келет.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин жаңыланган инфографикасы болочок келиндерге жана алардын ата-энелерине септи туура камдап, туура бергенге (ооба, кызга деп жыйнаган байлык-оокаттарыңызды туура көрсөтө билген жакшы) жана кыргыздардын кыз берүү салты жөнүндө кененирээк билүүгө жардам берет.
Төмөндө сеп боюнча 2023-жылдагы орточо бааларды сунуштайбыз.
Сегиз жер төшөк, 10 жууркан, көшөгө, килем, жаздык — 87 000 сом;
Уктай турган бөлмөдөгү оокаттары: керебет, шкафтар, келиндин столу — 100 000 сом;
Газ плитасы, самоор, кир жууган машина, үтүк — 53 600 сом;
12 кишилик сервиз, казан, мискейлер топтому — 30 000 сом.
Бааларды карай келгенде кыздын себине орто эсеп менен 270 000 сомдун тегерегиндеги каражат кетерине күбө болдук.
Жаңылыктар түрмөгү
0