Июлда Улуттук банк 43,6 млн. доллар сатты. Резервге кандай таасир этти

© AFP / ADEM ALTANДоллар акчасы. Архивдик сүрөт
Доллар акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2023
Жазылуу
Июндун этегинде резерв 2 миллиард 439,4 миллион долларга бааланган.
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Ушул жылдын июль айында Улуттук банктын эл аралык валюталык (алтын-валюта) резерви 89,7 миллион долларга өстү.
Улуттук банктын резервдери:
июндун этегине карата — 2 миллиард 439 миллион 440 миң доллар;
июль айына карата — 2 миллиард 529 миллион 140 миң доллар.
Өткөн айда Улуттук банк 43,6 миллион доллар саткан. Алтын-валюта резерви интервенцияга карабастан өскөн себеби айтылган эмес.
Улуттук банк интервенцияларды валютанын өзгөрүүсүн текшилөө жана сомдун курсун колдоо үчүн жүргүзөт. Бул үчүн алтын-валюта резерви колдонулат. Резервдер ондон ашык валютадан, SDR (атайын карыз алуу укугу — Эл аралык валюта фондунун жасалма резерви) жана алтындан турат.
Доллар акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Кыргызстанга акча которууда долларга коюлган чектөө алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0