Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Максутов: окуу жайларга методикалык китеп чыгаруу үчүн 17 млн. сом бөлүндү

© Sputnik / Асел АкматМаданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Жазылуу
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов искусство тармагындагы окуу жайларга методикалык китептерди чыгарууга быйыл 17 миллион сом каралганын айтты.
Искусство багытындагы кесиптик жана жогорку окуу жайларынын методикалык курал-жарактары көптөгөн жылдардан бери жаңыланбай келген. Быйыл бул багытка 17 миллион сом бөлүндү. Иш план боюнча 7 миллион сом бөлүнүшү керек эле, бирок биз быйыл дароо эле 17 миллион сомдук иштерди бүтүрөлү деген чечимге келдик. Бул тууралуу Алтынбек Максутов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Максутов: окуу жайларга методикалык китеп чыгаруу үчүн 17 млн. сом бөлүндү
Министрдин айтымында, аймактагы китепканаларды санариптештирүү маселеси Санарип министрлиги менен биргеликте каралууда.
"Элеттеги китепканалар айыл өкмөттөргө карагандыктан алардын саясатын министрлик жүргүзүп, айлыкты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алып бир топ көйгөйлөр жаралып келет. Имараты да, кызматкерлер да же ЖӨБгө толук карай албай же биздин кызматкер болуп эсептелбей ортодо кыйналышат. Бул маселени чечүү үчүн учурда өкмөттүн тапшырмасы боюнча Санарип министрлиги менен биргеликте китепканаларды санариптештирүүнү карап жатабыз. Эгерде бул пландар ишке ашса, анда айылдагы китепканаларды жоюп, район, шаарларга бириктирип маселени чечсе болот. Мындан сырткары, бизде искусство тармагындагы окуу жайлардын колдонмо адабияттары көптөгөн жылдардан бери жаңыланбай келген көйгөй бар эле. Быйылтан баштап бул ишке кириштик. Казынадан 17 миллион сом бөлүндү. Ага музыкалык жана башка маданий тармактагы окуу жайлар үчүн методикалык китептер басып чыгарылат. Андан ары жылына муктаждыгына жараша каражат бөлүнүп, окуу китептери жаңыланып турмакчы", — деди Максутов.
Ал искусство жаатындагы аспаптарды жаңылоо да жогоруда аталган каражаттын алкагында жүргүзүлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0