Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Исмаилова: өлкөдө 12 миң 465 жумуш орду бош экени аныкталган

© SputnikЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нургүл Исмаилова
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нургүл Исмаилова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Жазылуу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нургүл Исмаилова жарандарды жумушка орноштуруудагы аракеттер тууралуу айтып берди.
Азыркы тапта 12 миң 465 ваканттык орун бар экени аныкталган. Бул тууралуу Нургүл Исмаилова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Исмаилова: өлкөдө 12 миң 465 жумуш орду бош экени аныкталган
Анын айтымында, учурда өлкө боюнча 74 миңден ашуун адам жумушсуз, ал эми 91 миңден ашык жаран иш издөөчү катары катталган.
"Аймактарда министрликтин калкты иш менен камсыз кылуу боюнча бөлүмдөрү жумушсуздарды иш издөөчү катары каттоого алат. Жарандардын укугун камсыздоо максатында мунун баары тургундардын кайрылуусу менен ишке ашат. Андан кийин белгиленген убакытта адамдын билимине, тажрыйбасына, кесибине, ден соолугунун мүмкүнчүлүгүнө жана жашаган жеринен алыс эмес жайгашкан, айтор, аларга ыңгайлуу жумуштар сунушталат. Ал ылайык келбей калса гана расмий түрдө жумушсуз катары катталат. Кесиби, билими жок болсо акысыз кыска мөөнөттүү окууга жолдомо берилет. Аларга белгиленген өлчөмдө стипендия дагы чегерилет. Мындан тышкары, шаарларда кесипке багыт берүүчү борборлор иштейт. Алар кайсы кесипти тандаарын билбей жаткандардан атайын тест алып, жөндөм, шыгына жараша ылайыктуу кесип сунуштайт. Борборлордогу 3D көз айнектер аркылуу адамдар завод, фабрика, өндүрүштөрдөгү иш менен виртуалдык негизде тааныша алат. Ошондой эле иш берүүчүлөрдөн тийиштүү маалыматтар алынып, бош орундар талдоодон өтүп турат. Азыркы тапта 12 миң 465 ваканттык орун бар экени аныкталган", — деди Исмаилова.
Ошондой эле ал жумушсуз жарандар убактылуу акы төлөнүүчү иштерге тартыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0