Чуңкурчак жайлоосунда "Kымыз FEST-2023" этнофестивалы өтөт

© Sputnik / Е. Баевер / Медиабанкка өтүүКөөкөр. Архивдик сүрөт
Көөкөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Жазылуу
Иш-чара жаштар арасында кымыздын баалуулугун жайылтуу максатын көздөйт.
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-август күнү Аламүдүн районунун Чуӊкурчак жайлоосунда республикалык деңгээлде "Kымыз FEST-2023" этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө боз үй шаарчалары түшүп, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары, асыл тукум жаныбарлардын жарманкеси жана спорттун үч түрү (аркан тартыш, кол күрөш, таяк тартыш) боюнча мелдештер уюштурулат.
"Фестиваль кыргыз элинин үрп-адаттары аркылуу улуттук суусундук катары бээнин сүтүнөн даярдалган кымыздын тарыхый баалуулугун жаш муунга жайылтуу максатында өтөт. Ошондой эле кымызды ичүү маданияты, анын жасоо шарттары жана түрлөрү жөнүндө коомчулукка кеңири маалымат берилет", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
“Мейкин Азия” эл аралык фестивалындагы ырчы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Чолпон-Атада ири музыкалык фестиваль өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0