Путиндин Түркияга расмий сапар менен барарын айтышты

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүРоссия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин жана Режеп Тайип Эрдоган. Архивдик сүрөт
Россия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин жана Режеп Тайип Эрдоган. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
Жазылуу
РФ лидеринин сапары буга чейин макулдашылган. Бирок Түркиядагы шайлоо учурунда сапарды кайсы бир тараптар өз кызыкчылыгына пайдаланбашы үчүн токтото туруу каралган.
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Россия менен Түркиянын президенттери телефондон сүйлөшүп, Владимир Путиндин сапары боюнча макулдашты. Бул тууралуу РИА Новости Режеп Тайип Эрдогандын канцеляриясына таянып жазды.
Бирок качан болору айтылган жок.
Эрдоган Путинди Анкара дан эгини боюнча келишимди кайра түзүү үчүн болгон аракетин жумшайт деп ишендирди. Ал Кара деңиз демилгеси көпкө иштебесе "бул нерсе эч кимге пайда алып келбешин" айтты. Түрк лидери бул келишимди "тынчтык көпүрөсү" катары сыпаттаган.
Кремль белгилегендей, Путин РФтин дан эгини боюнча келишимин токтотуу туурасында принципиалдуу позициясын билдирген. Ал пакеттик макулдашуудагы россиялык бөлүктү ишке ашыруудан майнап чыкпагандыгынан улам келишимди мындан ары узартуу мааниси жоголгонун айткан.
"Батыш Россиянын алдында белгиленген бардык милдеттенмелерин иш жүзүндө аткарар замат Стамбул келишимдерине кайтууга даярдыгы тастыкталды", — деп айтылат маалыматта.
Владимир Путин буга чейин Эрдоган менен жеке жолугушуу тууралуу сүйлөшкөнүн жана сапарга чакыруу алганын билдирген. Бирок Түркиядагы шайлоо өнөктүгү маалында сапарды кайсы бир тараптар өз кызыкчылыгына пайдаланбашы үчүн эки мамлекет аталган идеядан баш тартып коюшкан. Анткени Эрдогандын оппоненттери сапарды Түркиянын ички иштерине таасир этүү аракети катары баалашы мүмкүн эле.
Дан жүктөө иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2023
Кремль: "Эгин келишими" токтотулду
Жаңылыктар түрмөгү
0