Төө-Ашуудагы тоннелге коюлган чектөө алынды

© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и коммуникаций КРТөө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннел
Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннел - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
Жазылуу
Аталган жай 26-июлдан бери күнүнө 10 сааттан жабылып турган.
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннелдеги автоунаа кыймылына коюлган чектөө бүгүн саат 16:00дө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.
Белгилей кетсек, Бишкек — Ош трассасындагы эң чоң тоннель оңдоо иштерине байланыштуу 26-июлдан бери күнүнө 10 сааттан жабылып турган.
Буга чейин транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев 2-августта дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт төшөлөрүн билдирген. Жакынкы күндөрү тоннелдин кире бериш жерлерин жана анын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү иштери башталарын, ал учурда автоунаалар үчүн эч кандай чектөөлөр болбостугун айткан.
Бишкек — Ош жолунда кар көчкүдөн коргоочу 460 метрлик тоннель курулду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Бишкек — Ош жолунда кар көчкүдөн коргоочу 460 метрлик тоннель курулду. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0