Москвада ЖККУ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү жолугуп байланыш тармагын талкуулашты

© Фото / пресс-служба Мингобороны КРМосквада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Биргелешкен штабында мүчө-мамлекеттердин коргонуу ведомстволорунун байланыш башкармалыгынын жетекчилеринин жолугушуусу
Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Биргелешкен штабында мүчө-мамлекеттердин коргонуу ведомстволорунун байланыш башкармалыгынын жетекчилеринин жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2023
Жазылуу
Жыйында радио жана спутниктик байланыш каражаттарын колдонуу тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурулган.
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Биргелешкен штабында 25-27-июль күндөрү мүчө-мамлекеттердин коргонуу ведомстволорунун байланыш башкармалыгынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү. Бул туурасында Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, ЖККУнун Биргелешкен штабы жана катчылыгынын өкүлдөрү катышкан.
Жолугушууда аскердик жаңжал учурунда радио жана спутниктик байланыш каражаттарын колдонуу тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурулду. Армения, Кыргызстан жана Тажикстандын коргонуу ведомстволорунун кызматкерлери мамлекеттер аралык өз ара кызматташуунун негизинде техникаларды жакшыртуу тууралуу маселе көтөргөн.
Ошондой эле жумушчу жолугушуунун катышучуулары Будённый атындагы Аскер академиясынын өкүлүнүн докладын уккан. Ал бирдиктүү стандарттарды, протоколдорду, интерфейстерди иштеп чыгуу, ЖККУнун жамааттык күчтөрүндө колдонууга пландалып жаткан келечектүү байланыш каражаттарын түзүү тууралуу айтып берген.
Беларусь президенти Александр Лукашенко  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Лукашенко ЖККУнун экономика боюнча планын иштеп чыгууну сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0