Ильгиз Гилязетдинов — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековКитеп. Архивдик сүрөт
Китеп. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2023
Жазылуу
Жазуучу, акын жана котормочу Ильгиз Гилязетдинов (Ильгиз Талип) 1933-жылы Жаңы-Жол (Аксы) районундагы Ак-Суу кыштагында туулган.
Ак-Суу орто мектебин аяктагандан кийин Жаңы-Жол райондук аткаруу комитетинде бөлүм башчы болуп иштейт. 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнө тапшырып, 1961-жылы бүтүргөн.

Эмгек жолу

1961-1971 — Кыргыз ССРинин радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде жаштар, адабий-музыкалык берүүлөр редакцияларында редактор, ага редактор, башкы редактордун орун басары;
1971-1982 — "Кыргызстан маданияты" газетасында жооптуу катчы;
1983-1991 — "Чалкан" журналында башкы редактордун орун басары;
1991-1999 — "Эркин-Тоо" гезитинде башкы редактордун биринчи орун басары болуп иштеген.

Чыгармачылык жолу

Ильгиз Гилязетдиновдун алгачкы чыгармалары мектепте окуп жүргөн кезинде республикалык, облустук жана райондук гезиттерге жарыяланган. Студент кезинде ырлары, аңгемелери гезит-журналдар менен катар "Тартуу", "Жалын" сыяктуу жыйнактарга да басылат.
Калемгер котормо жаатында да үзүрлүү эмгектенип, И.Буниндин "Кыштак", Абайдын "Накыл сөздөрү", Маршактын "Мунар-мунарча", Софоклдун "Антигона", Н.Басовдун "Жолборс баяны", Р.Мустафиндин "Абышка менен ажал", Г.Губайдын "Маякчынын кызы" сыяктуу повесть, аңгеме, драмаларын которгон. Ошондой эле татар элинин "Эдигей", хакастардын "Маадай кара" эпосторунун айрым бөлүмдөрүн жана ондогон фильмди да кыргызчалаган.
Жазуучунун бир катар сатиралык чыгармалары орус, казак, өзбек, татар тилдерине которулган.
Акындын "Жүрөктү кетпе жаралап", "Өчүрбөчү сүйүү жалынын", "Өзүңдү эстеп", "Жүрөгүм согот кайталап" деген ырларына кыргыздын белгилүү композиторлору обон жаратышкан.
Ильгиз Талипке 1994-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0