Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: Британия Крымга чабуул жасоо үчүн Украинанын спецназын даярдоодо

© AP Photo / LIBKOSУкраин аскерлери. Архивдик сүрөт
Украин аскерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2023
Жазылуу
Операцияда алыска аралыкка учуучу ракеталар менен абадан, суудан жана кургактан чабуул коюу каралганы айтылды.
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Британ аскердик күчтөрү Рождествого чейин Крымга чабуул жасоо үчүн украиналык атайын даярдыктагы аскерлерди камдап жатат. Бул туурасында "Российская газета" Daily Express басылмасына шилтеме кылып жазды.
"2000ден ашыгыраак аскер келди. Операцияда Британия, АКШ жана Германия берген техниканы пайдаланып, алыс аралыкка учуучу ракеталар менен абадан, суудан жана кургактан чабуул коюу каралган", — деп жазылган маалыматта.
Окутуу Оукхэмптондогу аскер лагеринде өтөрү айтылды. Daily Express ал аймакка башка аскердик бөлүктөр, коомчулуктук өкүлдөрү киргизилбестигин жазган.
Мурдараак Military Watch Magazine Батыш баш болгон Киевдин союздаштары жарым арал алар үчүн символикалуу мааниге ээ болгондуктан Крымды басып алуу Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулунун маанилүү бөлүгү деп эсептешерин билдирген.
Asia Times Украина Крымды күч колдонуп алууга АКШнын жардамы менен гана бара аларын жазган. Материалда бул кадам Европа үчүн оңбогондой эле кыйын болору айтылган.
Буга чейин украиналык аскерлер Азов деңизине чыгуучу жолду жана Крымды алуу максатында Запорожье облусуна чабуул коюп баштаган. Украинанын Куралдуу күчтөрү бир нече апта бою эч кандай ийгиликке жете албай, россиялык коргонуунун чектерин жарып өтүү далалаты ийгиликсиз болду.
Град залптык октук реактивдүү тутуму - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аскердик операциянын маңызы өч алууда эмес. "Контрчабуул" тушуккан абалдан баян
Жаңылыктар түрмөгү
0