100 миллион долларга ипотеканын үйлөрү курулат. Жапаров мыйзамга кол койду

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТурак жайдын курулушу. Архив
Турак жайдын курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2023
Жазылуу
"Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууда 100 миллион доллар каражатты тартуу каралган.
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу ратификацияланды. Тиешелүү мыйзамга Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мыйзам ушул жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кредиттик макулдашууда Кыргызстандагы "Менин үйүм 2021–2026" турак жай программасынын алкагында өлкөдө турак жайларды куруу үчүн 100 миллион доллар каражатты тартуу каралган.
Сауд өнүктүрүү фондунун каражаты КРдин Финансы министрлигине которулат. Ишти өлкөнүн Экономика жана коммерция министрлиги аткарат.
"Ал эми "Мамлекеттик ипотекалык компания" ишканасы долбоорду ишке ашыруучу агенттик катары иштейт, башкача айтканда, ал тартылган финансылык каражаттардын оператору болуп саналат. Курулуштарды жер тилкелери менен камсыз кылат жана "Менин үйүм 2021–2026" программасынын алкагында Кыргызстандын жарандарына кийин сатып алуу менен ижарага берүү үчүн турак жайдын курулушун каржылайт", — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда ипотекага турак жай алуучулар ай сайын ижараны төлөө жана турак жайды сатып алуу боюнча төлөм жүргүзөт. Зайымчылардан алынган каражаттарды Мамлекеттик ипотекалык компания Сауд өнүктүрүү фондунун кредитин төлөөгө жумшайт.
Батирлердин ачкычтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Кыргызстан Сауд фондунан үй салууга 100 млн. доллар кредит алат
Жаңылыктар түрмөгү
0