Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Усеналиева: мыйзамдагы "тургун" дегенди аныктоо татаал болууда

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуМамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Усеналиева
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Усеналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2023
Жазылуу
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Усеналиева алыскы аймактарга айыл өкмөт башчыларын башка аймактардан алып келүү кыйынчылык жаратып жатканын айтты.
Айыл өкмөт башчыларын жана республикалык маанидеги шаарлардын мэрлерин ошол аймактын тургундарынан дайындоого уруксат берүү сунушталууда. Бул тууралуу Бактыгүл Усеналиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Усеналиева: мыйзамдагы "тургун" дегенди аныктоо татаал болууда
Анын айтымында, 2021-жылы "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамда тургун өз аймагына башчы боло албай турганы жазылган. Мунун негизги максаты — тууганчылык деген коррупциялык тобокелчиликтерди алдын алуу.
"Айрым ченемдерге өзгөртүү киргизип, республикалык маанидеги шаарларга жана айыл өкмөттөргө жергиликтүү тургундардан башчы дайындоого уруксат берүү сунушталууда. Анткени сырттан келген адамды айыл эли оңой менен колдоого ала бербейт. Натыйжада иш жүрбөй тоскоолдуктар жаралууда. Шаарларда миллиондон ашуун калк жашайт. Алардын көбү калаада төрөлгөнү менен жерлиги башка региондон. Айыл өкмөттөр боюнча айта турган болсок, алыскы аймактарга башка жактан адамдар барбай жатат. Мындан тышкары, мыйзамдагы "тургун", орусчасындагы "уроженец" деген түшүнүктү аныктоо татаал болууда. Концепциясы боюнча "тургун" деп кайсы бир аймакта туулуп-өсүп, ошол жерде чарбасы, тууган-уругу, куда-сөөгү барлар эсептелинет. Аны аныктоочу документ туулгандыгы тууралуу күбөлүк болуп калууда. Бул аял кишилерге туура келбей калып жатат. Анткени алар бир жерде төрөлүп, өскөнү менен башка аймакка турмушка чыгат. Натыйжада анын тууган-туушканы ошол аймакта болот. Мисалы, Нарында төрөлгөн кыз Ошко турмушка чыкса, ошол аймактын жетекчиси болушуна жол ачылууда. Бирок тууганчылык, тааныш-билишчилик деген коррупциялык тобокелчиликтерди алдын албай калып жатпайбы", — деди Усеналиева.
Ошондой эле ал бул ченемдин өзгөрүшү аким жана шаар мэрлерине тиешелүү болбой турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0