Кайсы илдеттер менен учакта жүрүү кооптуу? Дарыгердин түшүндүрмөсү

© Фото / Pexels / KellyУчактын салондугы адамдар. Иллюстративдик сүрөт
Учактын салондугы адамдар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2023
Жазылуу
Адис улгайган адамдарга жана айрым оорулар менен жабыркагандарга учакка отургандан мурун дарыгер менен кеңешип алууну сунуштады.
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кандай учурда аба каттамы аркылуу учпай туруу сунушталат, деги эле учакта жүрүүгө кантип даярдануу керек? Бул суроолорго медицина илимдеринин доктору Роман Горенков Sputnik радиосундагы маегинде жооп берди.
Адистин айтымында, учактын абада учуусу жана конуусу андагы атмосферанын басымынын кескин өзгөрүүлөрү менен коштолот. Ошондуктан айрым жүргүнчүлөр өздөрүн начар сезе баштайт, узак убакыт кыймылсыз отуруу, учактагы кургак абада дем алуу да ыңгайсыздыкты жаратат. Дарыгер өзгөчө угуу органдары ооруган адамдар үчүн кооптуу болорун белгиледи.
"Угуу органдары ооругандар учакка отурганда оорусу күч алып кетиши мүмкүн. Мындан тышкары, жүрөк-кан тамыр системасында олуттуу көйгөйү бар адамдар да авиакаттам үчүн билет сатып албаганы жакшы. Буга мисал катары гипертония оорусу барларды жана жүрөктүн иштөө ритми бузулгандарды айта алам. Венада каны жакшы жүгүрбөгөн өнөкөт оорусу барлар да тобокелдик чоң болгон топко кирет", – деди Горенков.
Дарыгер мындай илдеттен жабыркагандар учакта дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасап кетсе оң болорун айтты. Мындан тышкары, компрессиондук кийим кийүү, учакка отурардан мурун венотоник таблеткаларын ичүү керек. Бирок сөзсүз адегенде дарыгер менен кеңешүү сунушталат.
"Бронхиалдык астма менен ооруган жүргүнчүлөр жанына ингалятор алып алышы зарыл. Мындай илдети барлар үчүн салондогу абанын кургактыгы бир топ кыйынчылык жаратат. Психикалык жактан жабыркагандардын учакта учуусу өздөрү үчүн гана эмес, айланасындагылар үчүн да жагымсыз абалды жаратышы ыктымал. Бул оору менен ооруган жүргүнчүдө курч психоз, невротикалык реакция болушу мүмкүн", – деген Горенков.
Мындан тышкары, ал алыс жолго учак менен баруу зарылчылыгы жаралганда түрдүү оорусу бар адамдар дарыгер менен кеңешип алуусу керектигин кошумчалады.
Учака отуруп аткан жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Кыргызстан ичиндеги авиабилеттердин баасы кандай? Сандар видеодо
Жаңылыктар түрмөгү
0