Украинанын атайын кызматы Кара деңиз флотунда теракт жасоого аракет кылган

© Фото / ФСБ РФ / Медиабанкка өтүүФСБнин кызматкери. Архив
ФСБнин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2023
Жазылуу
РФтин Аскер деңиз флотунун украиналык атайын кызмат азгырган жоокери кармалды. Анын жанынан колдо жасалган жардыруучу буюмдар табылган.
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Украинанын атайын кызматынын Кара деңиз флотунун жогорку тактыктагы аппараттары менен куралданган кемесинде теракт жасоо аракетине бөгөт коюлду. Бул туурасында РИА Новости ФСБга шилтеме кылып кабарлады.
"ФСБ Украинанын атайын кызматынын Кара деңиз флотунун жогорку тактыктагы сокку ура турган ракеталар орнотулган кемесинде теракт жасоого кылган аракетинин бетин ачып, аны токтотту. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында РФтин Аскер деңиз флотунун Украинанын атайын кызматы азгырган жоокери кармалды. Анын жанынан жалпы массасы тротил эквивалентинде бир килограммды түзгөн колго жасалган жардыруучу буюмдар табылды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, жоокер касташкан тарапка мамлекеттик сыр болгон маалыматтарды берип салган деп шектелүүдө. Агенттик Россиянын Кылмыш кодексинин төрт беренеси менен кылмыш ишин козгоо чечими каралып жатканын кабарлады.
Кишенделген жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кечирим сурайм. Крым терактылары боюнча Болгария жараны кармалган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0