Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Усеналиева: улуттук резервге киргендердин тизмеси убактылуу сакталат

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуМамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Усеналиева
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Усеналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2023
Жазылуу
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Усеналиева кадрлардын резерви тууралуу айтып берди.
Улуттук резервге киргендердин тизмеси алардын мөөнөтү бүткөнгө чейин убактылуу сакталып турат. Бул тууралуу Бактыгүл Усеналиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Усеналиева: улуттук резервге киргендердин тизмеси убактылуу сакталат
Анын айтымында, учурдагы мыйзамда бул түшүнүк алып салынган.
"2016-жылдагы мыйзамда улуттук резерв деген бар болчу. Кийин 2021-жылы "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзам кабыл алынганда ал түшүнүк алып салынды. Бирок ага киргендер үч жыл мөөнөтү бүткөнгө чейин тизмеде калат. Ал эми жаңы мыйзамга ылайык, аким жана орун басарлары үчүн регионалдык жана айыл өкмөт, мэрлер, орун басарлары үчүн муниципалдык резерв бар. Мындан тышкары, ар бир мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнүн ички резерви бар. Улуттук резервдегилер квалификациялык талаптарга жооп берсе регионалдык жана муниципалдыкка кирүү үчүн аңгемелешүүгө кире алат. Ошондой эле каалаган мамлекеттик органдыкына жазуу түрүндө кайрылуу аркылуу кирсе болот. Буга чейин айыл өкмөттөр шайлоо жолу менен келген. Анда кандайдыр бир квалификациялык, билими боюнча талаптар болгон эмес. Учурда аларга тийиштүү мыйзам аркылуу керектүү талаптар коюлуп, муниципалдык резервден дайындалат. Дайындоо ыйгарым укугу акимге берилген. Ал эми аким жана анын орун басар боло турган адам регионалдык резервде болушу шарт. Акимди президент, орун басарын министрлер кабинетинин төрагасы кызматка коет", — деди Усеналиева.
Ошондой эле ал кызматка дайындалгандарды резервден чыгаруу каралып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0