Төрт айда 1800дөн ашык жаран айдоочулук күбөлүктөн кол жууду

© Фото / пресс-служба ГУОБДД ЖКККББ кызматкери жумуш учурунда
ЖКККББ кызматкери жумуш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2023
Жазылуу
Быйыл 8-марттан тарта, ичип алып рулга отургандарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу жоопкерчилиги каралган.
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Март айынан бери өлкөдө мас болуп автоунаа айдаганы үчүн 1800дөн ашык киши айдоочулук күбөлүктөн ажыратылган. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкармалыктан кабарлашты.
Быйыл 8-марттан тарта, ичип алып рулга отургандарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу жоопкерчилиги каралган. Бул убакыт ичиндеги абалга жасалган анализдер мас айдоочулар 17 пайызга азайганын жана руль башкаргандардын жоопкерчилиги арта баштаганын көрсөткөн.
Жол милициясынан ичип алгандарга автокөлүк башкарууга жол бербөө максатында күчөтүлгөн рейддерди улантарын айтышты.
ЖКККБ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Айып пул көтөрүлгөндөн кийин жол эрежесин бузуу канчага азайганы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0